Сунуштамалардын долбоорлорунун бири кызмат көрсөтүүлөрдү табигый монополиялардын чөйрөсүнө киргизүүнүн негизги критерийлерин жана шарттарын аныктоо аркылуу Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде табигый монополиялар чөйрөлөрүн жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмесин шайкеш келтирүүгө багытталган.
Сунуштамалардын экинчи долбоору 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин талаптарын ишке ашыруунун жыйынтыктарын баалоого жана 5 сандык жана 11 сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен мониторинг жүргүзүүгө багытталган.
Сунуштамалардын долбоорлору үстүбүздөгү жылдын март айында Комиссиянын Коллегиясы тарабынан каралат.
Консультативдик комитеттин отурумунун катышуучулары ошондой эле тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын эксперттери менен биргеликте даярдалган маалымат долбоорун макулдашышты. Документ 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 20 тиркеменин 20-пунктунун 5-пунктчасына ылайык даярдалган жана 2021-жыл үчүн табигый монополиялар чөйрөсүндө жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
Документтин долбоору ар жылдык негизде Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кароосуна киргизилет.
Маалымат
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 37 буйругу менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин табигый монополиялар чөйрөсүндө мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү чараларды ишке ашыруунун ырааттуулугун аныктоо боюнча иш-чаралар планы (жол картасы) ырааттуу үч этаптан турат.
Биринчи этапта, 2019-2020-жылдары, Бирликтин мүчө мамлекеттеринин мыйзам актыларына тарифтик саясат, кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк маселелери, жөнгө салуунун укук колдонуу практикасы, жөнгө салуу практикасы, көйгөйлөрдү аныктоо жана шайкеш келтирүү перспективалары боюнча комплекстүү изилдөөлөрдү камтыган аналитикалык иштер жүргүзүлгөн.
Жол картасынын экинчи этабында, 2021-2022-жылдары, ЕЭКтин сунуштамаларынын бир катар долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле 2022-жылдын аягына карата Жогорку Евразия экономикалык кеңешине сунуштала турган мүчө мамлекеттердин ченемдик-укуктук актыларынын тизмегинин долбоорун даярдоо каралган.
Жыйынтыктоочу үчүнчү этапта Бирликтин мүчө мамлекеттери тарабынан мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча иш-чаралар жана Комиссия тарабынан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин тапшырмаларынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү ишке ашырылат.