Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Армен Арутюнян ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кант кызылчасын селекциялоо жана үрөнчүлүк боюнча биргелешкен билим берүү курсун ишке ашыруунун жыйынтыктарын чыгарды.
Долбоорго Беларусь Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын 4 агрардык жогорку окуу жайынын мыкты окутуучулары катышкан. 150дөн ашык угуучулар аталган культураны өстүрүү технологиясынан баштап, генотиптердин жеке генетикалык паспортторун курууга жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө маселени укуктук жөнгө салууга чейин системалуу билимдерди алышты. Билим берүү мекемелери менен катар студенттерди окутууга тармактык бизнестин, илимдин жана ассоциациялардын өкүлдөрү активдүү катышышты.
Реалдуу сектордун жана илимий чөйрөлөрдүн тартылгандыгынын аркасында "Кант кызылчасынын селекциясы жана үрөнчүлүгү" курсунун 18 окуучусу алдыңкы жана тутум түзүүчү ишканалардын базасында практикалык даярдыктан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Бул билим берүү долбоору Арменияда, Беларуста, Кыргызстанда жана Россияда агрардык билим берүүнү көзөмөлдөгөн органдар тарабынан 2021-жылы өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси үчүн кадрларды даярдоо чөйрөсүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлган учурдан тартып бешинчи долбоор болду.
Өткөн убакыт ичинде жалпы алганда, алдыңкы 19 университеттин окутуучулары 850дөн ашык окуучулар менен мыкты тажрыйбалары жана топтогон билимдери менен бөлүшүштү. Агроөнөр жай комплекси жаатындагы актуалдуу темалар боюнча биргелешкен билим берүү курстары ийгиликтүү ишке ашырылды.
Атап айтканда, үстүбүздөгү окуу жылында кант кызылчасын селекциялоо жана үрөнчүлүк боюнча долбоор менен катар, суу менен жабдуунун туюк орнотмолорунда балыктын баалуу түрлөрүн өстүрүү, ошондой эле канаттууларды өнөр жайлык өстүрүүдө жана селекциялоодо заманбап технологияларды жана инновацияларды колдонуунун перспективалары боюнча евразиялык билим берүү интенсивдери өткөрүлгөн.
Армениянын, Беларустун, Кыргызстандын жана Россиянын 14 билим берүү уюмдарынын тажрыйбалуу окутуучулары 335 студентти балык өстүрүүнүн технологиялык өзгөчөлүктөрү, селекциялык-асыл тукум иштери, ошондой эле аквакультурадагы санариптик технологиялар менен тааныштырышты.
Канаттуулар чарбасы боюнча евразиялык курсту ишке ашырууга мүчө мамлекеттердин алдыңкы 10 билим берүү жана илимий борборлору тартылган. Анын угуучулары 220дан ашык жогорку окуу жайларынын окуучулары, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын агрардык тармагынын эксперттери болушту. Долбоордун жүрүшүндө айыл чарба канаттууларынын өнүмдүүлүгүн, анын ичинде селекциядагы молекулярдык-генетикалык ыкмаларды, канаттуулар продукциясын, анын ичинде органикалык продукцияны өндүрүүнүн экономикалык натыйжалуулугун, канаттууларды өстүрүү чарбасында санариптик сервистерди колдонуу үчүн инновациялык технологиялар жаатында тажрыйба жана жетишкендиктер менен алмашуу жүргүзүлдү.
"ЕАЭБ өлкөлөрүндө илимий иштеп чыгуулар да, алдыңкы ишканалар да, таланттуу жаштар да жана топтолгон билимин берүүгө даяр компетенттүү мугалимдер да бар. Биргелешкен билим берүү курстарын ишке ашыруу бизге бул негизги компоненттерди бириктирүүгө жана синергетикалык натыйжа алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күндө биз агроөнөр жай комплексинин натыйжалуу иштешин камсыз кылуу үчүн квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча маанилүү кадамды жасап жатабыз деп эсептейм", – деп белгиледи Армен Арутюнян.Биргелешкен долбоорлордун катышуучулары ЕАЭБде түзүлгөн өнөктөштүк тутумун бекемдөө жана айыл чарбасын өнүктүрүүнүн башка актуалдуу темалары боюнча евразиялык билим берүү курстарын уюштурууда кызматташтыктын ийгиликтүү тажрыйбасын жайылтуу ниетин тастыкташты.