Жаңылыктар

24.01.2022 (Обновлено: 02.02.2022 16:12)

ЕАЭБде 2022-жылдын 1-июлунан тарта көзөмөлдөө механизмин киргизүү боюнча пилоттук долбоор иштеп баштайт

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2021-жылдын февралында күчүнө кирген, ЕАЭБдин бажы аймагына алып келинген товарларды көзөмөлдөө механизми жөнүндө макулдашуунун иштеп баштоосу үчүн зарыл болгон чечимдерди кабыл алды. Биринчи чечим көзөмөлдөө механизмин киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун тартибин жана мөөнөттөрүн белгилейт. Көзөмөлдөө механизмдери Бирликтин аймагына алып келинген тиричилик муздаткычтарына жана тоңдургучтарына карата 2022-жылдын 1-июлунан 2023-жылдын 31-мартына чейин сыналмакчы. Экинчи чечим көзөмөлгө жаткан товарлар жөнүндө маалыматтарды улуттук көзөмөлдөө тутумдарына киргизүү жана сактоо тартибин белгилейт.

Эске сала кетсек, аталган макулдашуу Бирликте чет өлкөлүк товарларды көзөмөлдөө тутумун түзүүгө багытталган. Тутумдун негизги максаты Бирликтин бир мүчө мамлекетинин аймагынан экинчи өлкөнүн аймагына ташууда алардын жүгүртүлүшүнүн мыйзамдуулугун тастыктоо, ошондой эле бажы жана салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуунун ар түрдүү схемаларын колдонууну жокко чыгарган шарттарды түзүү, мындай товарларды жүгүртүүгө байланыштуу операциялардын мамлекет тарабынан контролдонушун камсыз кылуу болмокчу.

Макулдашуунун иштеп баштоосу үчүн ЕЭК Коллегиясынын жана Кеңешинин бир катар чечимдерин иштеп чыгуу талап кылынды. Комиссия мүчө мамлекеттердин эксперттери менен биргеликте дээрлик бүткүл зарыл болгон ченемдик базаны даярдап, макулдашты.