Жаңылыктар

16.11.2023

ЕАЭБде тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсү өркүндөтүлүүдө

Евразия экономикалык бирлигинде тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу маселелери 14-ноябрда XVIII Бүткүл россиялык Конгресстин эл аралык катышуу менен өткөрүлгөн "Россиянын калкынын ден соолугун сактоо үчүн нутрициология жана диетология" секциялык отурумунда талкууланды. Отурум Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан уюштурулуп, сессиянын модератору ЕЭКтин Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Наталья Жукова болду.


"Азык-түлүк коопсуздугу маселеси глобалдык маселелерге кирет жана бардык деңгээлдерде - улуттук, аймактык, эл аралык деңгээлдерде каралат, анткени калктын ден-соолугунун негизи коопсуз жана сапаттуу тамактануу экени белгилүү, - деп белгиледи Наталья Жукова. - Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу - товар өндүрүүчүлөргө рынокко кирүү мүмкүнчүлүгүн берген жана алардын өндүрүмдүүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулаткан маанилүү факторлордун бири, бул, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт".

Отурумдун катышуучулары ЕАЭБде жөнгө салуунун алкагында тамак-аш азыктарынын санитардык-гигиеналык коопсуздугу, туура тамактануу, тамак-аш кошулмаларын, жыт бергичтерди жана технологиялык көмөкчү каражаттарды регламенттөөнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты жана адистештирилген тамак-аш продукциясын каттоо тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Дискуссия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, илимий уюмдарынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрүн бириктирип, мындан ары биргелешип иштөөгө шыктандырды.

Наталья Жукованын сөзү боюнча, ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү үчүн тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыздоо жашоо тиричиликтин жогорку стандарттарына кепилдик берүү жолу менен калктын жашоо сапатын жогорулатуунун зарыл шарттарынын бири болуп саналат.

"ЕАЭБде тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыздоо жаатында жөнгө салуу чаралары жана макулдашылган ык-амалдар илимдин өнүгүшү, жаңы технологиялардын, жаңы заттардын жана тамак-аш азыктарынын пайда болушу калктын жашоосу жана саламаттыгы үчүн тобокелдиктерди баалоонун негизинде жаңы илимий-методикалык ыкмаларды колдонууну талап кылаарын эске алуу менен келечекке багытталышы керек", - деп баса белгиледи ал.