"Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте экономикалык чектөөлөрдүн шарттарында ата мекендик өнөр жайды колдоого багытталган чараларды жигердүү иштеп чыгып жана кабыл алып жатат, - деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко. - Стандартташтыруу жана өлчөмдөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыздоо маселелери бул чараларды ишке ашыруунун маанилүү куралы болуп саналат".Россиялык рынокто продукциянын жеткиликтүүлүгү үчүн Россия Федерациясында белгиленген өзгөчө шарттардын айрым аспектилери өзүнчө маселе катары талкууланды.
Мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгууда Евразия экономикалык комиссиясынын жана Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин өз ара иштешүү механизмдерин өркүндөтүү маселелери козголду.
Маалымат
ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин стандартташтыруу боюнча мамлекеттик (улуттук) органдарынын жетекчилеринин кеңешин түзүү жөнүндө чечим ЕАЭБ мүчө мамлекеттери Бирликтин алкагында стандартташтыруу жаатында макулдашылган саясатты ишке ашыруусу үчүн 2018-жылдын 14-майында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан кабыл алынган.