Маалымат
"Антиконтрафакт" эл аралык форуму – бийликтин, бизнестин, илимдин өкүлдөрүнүн, укук ээлеринин, өндүрүүчүлөрдүн, авторлордун жана коомчулуктун конструктивдүү диалогу үчүн эң ири эл аралык аянтча болуп саналат. Анда контрафакттык продукцияны таратуу менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн цивилизациялуу рыногун түзүү боюнча сунуштар талкууланат жана иштелип чыгат.
Бишкекте өткөрүлгөн форумдун уюштуруучулары Евразия экономикалык комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана "Антиконтрафакт" эл аралык ассоциациясы болду.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2017-жылдын 7-мартындагы № 3 тескемесине ылайык, форум жыл сайын ротациялык негизде ошол жылы Евразия өкмөттөр аралык кеңеши төрагалык кылган өлкөдө өткөрүлөт.
2023-жылы "Антиконтрафакт-2023" XI эл аралык форуму Россия Федерациясында өткөрүлөт.