Жаңылыктар

22.09.2022 (Обновлено: 03.10.2022 11:20)

ЕАЭБде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо механизмдери өркүндөтүлөт

"Азыркы учурдагы татаал экономикалык шарттарда керектөөчүнүн жана ишкердин кызыкчылыктарынын теңдемине жетишүү – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Комиссиянын калктын керектөө укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү биргелешкен ишинин негизги максаттарынын бири", - деп Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча консультативдик комитеттин отурумунда белгиледи. 

2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган иш-чаралардын топтому камтылган. Документ Бирлик өлкөлөрүнө азыркы шарттарда жарандардын кызыкчылыктарын коргоого байланыштуу натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу менен күч-аракеттерди өз убагында бириктирүүгө мүмкүндүк берген. Отурумдун катышуучулары белгилегендей, калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, параллелдүү импорт шарттарында товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана коопсуздугуна керектөөчүлөрдүн укуктарын камсыздоо, электрондук сооданын өтө тез өнүгүүсү, эсептөөлөрдү санариптештирүү маселелери өзгөчө мааниге ээ болууда.

2023-жылы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен иш-аракеттер программасын ишке ашырууда дал ушул багыттар аныктоочу болмокчу. "Бул программанын негизги максаты - ак ниеттүү бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, ошол эле учурда ага административдик жүктөмдүн азайышынын фонунда, товарлардын талаптагыдай сапатын жана коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык зарыл жөнгө салуу чараларын көрүү менен жарандардын керектөөчүлүк укуктарын коргоо болуп саналат", - деп баса белгиледи ЕЭК министри.

Отурумдун катышуучулары керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган минималдуу зарыл артыкчылыктуу чаралардын тизмесин жактырып, алар коомдун жана бизнестин кызыкчылыктарынын теңдемин сактоо максатында, экономикалык мүнөздөгү убактылуу чаралардын түзүмүнө киргизилмекчи. Бирликтин өлкөлөрүндө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо деңгээлине алардын таасирин баалоо жана андан кийин актуалдаштыруу үчүн, анын ичинде Комиссиянын сунуштамаларынын натыйжалуулугун баалоого багытталган бир катар келечектүү сунуштар көрсөтүлдү.

Керектөөчүлөрдү тамак-аш азыктарынын азыктык баалуулугу жөнүндө маалымдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу проблематикасын изилдөө боюнча пландар белгиленди. Кийинки жылы ЕАЭБ мамлекеттеринде калктын жана бизнестин керектөөчүлүк сабаттуулугун жогорулатуу маселелерине арналган бир катар жолугушууларды жана конференцияларды, коомдук бирикмелердин жана илимдин өкүлдөрүн тартуу менен өткөрүү пландаштырылган.

Бирликтин алдындагы байкоочу-мамлекеттер менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Виктор Назаренконун айтымында, ЕЭКтин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга биргелешкен иш-чараларынын планы ийгиликтүү ишке ашырылууда. Мындан аркы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, отурумдун катышуучулары Өзбекстан Республикасынын Монополияга каршы комитетине караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча агенттигинин ушул жылдын аягына чейин Бирликтин өлкөлөрүнүн кызыкдар ыйгарым укуктуу органдарын тартуу менен, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча семинар өткөрүү демилгесин колдошту.

Маалымат

Консультативдик комитеттин отуруму КМШнын Аткаруучу комитетинин, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин бизнесинин өкүлдөрүнүн, Бирликтин алдындагы байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңейтилген форматта өткөрүлдү.