Жаңылыктар

28.10.2022

ЕАЭБде евразиялык интеграция үчүн кадрларды даярдоо боюнча консорциум түзүлөт

Евразия экономикалык бирлигинде мүчө мамлекеттердин жождорунун консорциуму түзүлөт, анын ишмердиги евразия интеграциясы үчүн профилдик кадрларды даярдоого багытталат. Бул туурасында 27-октябрда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын кеңешчиси Владимир Ковалев Россиянын ТИМинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун студенттеринин жана окутуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүнүн алкагында билдирди.

2022-жылдын март айында Комиссиянын жана ММЭМИ ортосунда кызматташтык программасына кол коюлган.

"Биздин кызматташтык программасынын алкагында евразиялык экономикалык интеграция тематикасы боюнча адистештирилген магистрдик программаны даярдоо боюнча чоң иштер жүргүзүлүүдө. Аны тармактык модулдук принцип боюнча ишке ашыруу үчүн ММЭМИнин базасында Бирликтин өлкөлөрүнүн кызыкдар өнөктөш-жождорун паритеттик негизде тартуу менен консорциум түзүлөт. Бүгүнкү күндө Армениянын, Беларустун (Беларус мамлекеттик университети) жана Кыргызстандын (К. Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясы) алдыңкы жогорку окуу жайлары долбоорго катышуусу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Кадрларды даярдоо 2023-жылы башталышы керек", - деп белгиледи Владимир Ковалев өз сөзүндө.

Консорциумдун ишмердиги келечекте Бирлик өлкөлөрүнүн мамлекеттик башкаруу органдарында евразия тематикасы боюнча ишке тартылган адистерди, ошондой эле өзүнүн кесиптик ишмердигин Комиссиядагы жана башка профилдик уюмдардагы иштер менен байланыштырууну каалагандарды кесиптик даярдоонун негизи болуп калаары пландаштырылууда. Окутуу ЕЭКтен лектор-практиктердин катышуусу менен долбоордук ыкманын негизинде түзүлөт, студенттерге Комиссияда стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет, ал эми дипломдук долбоорлорду Евразия экономикалык бирлигинин күн тартибинин актуалдуу маселелерине арноо пландаштырылат. Владимир Ковалев баса белгилегендей, "бул ЕАЭБ үчүн адистерди даярдоого карата сапаттуу жаңы мамилени камсыздоого мүмкүндүк берет. Анын негизинде келечекте толук масштабдуу кадрдык платформа ишке киргизилет.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын кеңешчиси угуучуларды Евразия экономикалык бирлигинин институционалдык жана укуктук тутуму менен кеңири тааныштырды, актуалдуу эл аралык кырдаалды эске алуу менен ЕАЭБти өнүктүрүүнүн көйгөйлүү жана келечектүү маселелери туурасында сөз кылды. Ошондой эле Чоң Евразиялык өнөктөштүктүн тематикасы жана ЕАЭБдеги экономикалык кызматташтыктын жаңы багыттары – билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм жана башкалар көңүл борборунда болду, бул Стратегия-2025те каралган.

Университетке баруунун жүрүшүндө ЕЭК менен ММЭМИнин кызматташтык программасын ишке ашыруунун аспектилери, Бирлик органдарында Россия төрагалык кылган жылы өз өнүгүүгө ээ боло ала турган, Евразия интеграциясын активдештирүү маселелери боюнча университет коомчулугунун сунуштары талкууланды.

"Интеграциянын жаңы багыттары мамлекеттик кабинеттерде эмес, кесиптик коомдоштуктарда, академиялык аудиторияларда жана студенттердин коворкингдеринде пайда болушу керектиги рационалдуу деп эсептейбиз. Биз жаштарды евразиялык тематикага кызыктырып, ошону менен биздин Бирликти жашоо жана жеке өнүгүү үчүн табигый жана ыңгайлуу чөйрөгө айландыргыбыз келет", – деди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын кеңешчиси.

ММЭМИде 13-14-октябрда өткөрүлгөн XIV Россия эл аралык изилдөөлөр ассоциациясынын конвентинин жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулду, анын жүрүшүндө "ЕАЭБдеги заманбап билим берүү: эл аралык өлчөө" профилдик сессиясы болуп өттү.