Жаңылыктар

19.08.2022

ЕАЭБде жеке пайдалануу үчүн алып келинген товарлар боюнча формулировкалар такталды

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши укук колдонулуучу иш-тажрыйбанын натыйжалары боюнча Кеңештин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 107 "Жеке пайдалануу үчүн товарларга байланыштуу айрым маселелер жөнүндө" чечимине түзөтүүлөрдү кабыл алды.

"Алкоголдук ичимдиктер" түшүнүгү түзөтүлдү. Эми "спирттин концентрациясы 0,5%дан ашык эмес алкоголдук ичимдиктер" формулировкасы колдонулмакчы. Ошондой эле, кызытылуучу тамеки менен буюмдарды алып келүүгө сандык чектөөлөр киргизилди: жеке жактар 200 даана "стикке" чейин алып келе алышат.

Бир нече жактар тарабынан мурасталган, төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу менен алып келинген мүлккө, ошондой эле мүчө мамлекетке туруктуу жашоо үчүн көчүп келген же качкын, аргасыз качкын статусун алган жакка таандык болгон мүлккө карата формулировкалар такталды.

Аталган чечим ал расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи.