2023-жыл үчүн табигый монополиялар чөйрөсүндөгү иштер жөнүндө баяндаманын долбоору Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында табигый монополиялар боюнча комитеттин отурумунда каралды.
Документте отчеттук мезгилде иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлору жөнүндө маалыматтар, табигый монополиялар маселелери боюнча даттанууларды, арыздарды кароо боюнча соттук практиканы кошо алганда, жөнгө салуучу органдардын иши жөнүндө маалыматтар камтылган. Мындан тышкары, баяндама Бирлик өлкөлөрү тарабынан табигый монополиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча өткөрүлгөн иш-чараларды камтыйт.
Ушул жылдын май айында баяндама Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кароосуна сунушталат.
Министр табигый монополиялар чөйрөсүндө "жол картасынын" экинчи этабында каралган документтерди даярдоодо ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын эксперттеринин конструктивдүү мамилесине жогору баа берди.
Маалымат:
Баяндама (маалымат) Табигый монополиялардын субъекттеринин ишмердигин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколдун 20-пунктунун 5-пунктчасына ылайык (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 20 тиркеме) жыл сайын даярдалат.
Табигый монополиялар чөйрөсүндө ЕАЭБ мамлекеттеринин мыйзамдарын шайкеш келтирүүнү жүргүзүүнүн ырааттуулугун аныктоо боюнча иш-чаралар планы ("жол картасы") ЕЭК Кеңеши тарабынан 2017-жылдын декабрында бекитилген.