12-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында ЕЭКтин Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Наира Карапетяндын жетекчилиги алдында "Жашыл горизонттор: Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү" тегерек столу болуп өттү.
Иш-чаранын катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айыл чарбасында көмүртек салыгын киргизүүнүн кесепеттерин талдоого жана моделдөөгө карата ыкмаларды, көмүртек изин төмөндөтүүдө жашыл айыл чарбасынын ролун, органикалык өндүрүүчүлөрдүн өлкөлөр аралык кооперациясынын перспективаларын, жер семирткичтерди колдонууда парник газдарынын эмиссиясын жөнгө салууну жана башка бир катар маселелерди талкуулашты.
Наира Карапетян өз сөзүндө белгилегендей, азыркы дүйнөдө АӨКтү туруктуу өнүктүрүү актуалдуу болуп баратат, анткени айыл чарбасы жаратылыш ресурстарын пайдалануу менен түздөн-түз байланышкан жана айлана-чөйрөгө олуттуу таасирин тийгизет.
"ЕАЭБде кесепеттерди жумшартуу үчүн макулдашылган иш-аракеттердин негизинде айыл чарба жана азык-түлүк тутумдарында кайра түзүү жана тармакты учурдагы реалдуулукка адаптациялоо зарыл", — деп баса белгиледи ЕЭКтин Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору.