Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
27.04.2023

ЕЭКте агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү талкууланды

Евразия экономикалык бирлигинин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө тиешелүү бир катар маселелерди АӨК боюнча Консультативдик комитеттин отурумунун катышуучулары Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камаляндын төрагалыгы алдында 26-апрелде талкуулашты.

Атап айтканда, Бирликтин макулдашылган (координацияланган) агроөнөр жай саясатынын укуктук камсыздалышын, интеграциялык процесстерди жүзөгө ашыруунун экономикалык шарттарын мүнөздөгөн 2018-2022-жылдарга ЕАЭБ мамлекеттеринин агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын сереби каралды. Документте айыл чарба продукциясынын жана азык-түлүк жүгүртүмүнүн акыркы жылдардагы актуалдуу маселелери, анын ичинде Бирликтин рыногундагы тоскоолдуктар жана алып коюулар, ошондой эле ЕАЭБдин жана мүчө мамлекеттердин деңгээлинде айыл чарба продукциясын жана азык-түлүктү ташып чыгууну чектөө боюнча киргизилген чаралар чагылдырылган. Дүйнөлүк агроазык-түлүк тутумунун алкагында мүчө мамлекеттердин дараметине баа берүү, ошондой эле мүчө мамлекеттердин агроөнөр жай чөйрөсүндө мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары боюнча сунуштар берилди.

Тараптардын өкүлдөрү айыл чарба продукциясы жана азык-түлүк менен камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн мониторингдин натыйжалары боюнча 2021-жылы бул көрсөткүч 91,6%ды түзгөн. Дан, өсүмдүк майлары жана чочко эти сыяктуу товарлар боюнча Бирлик өлкөлөрү жеке өндүрүшүнүн эсебинен калктын суроо-талабын гана жаппастан, экспорттук потенциалга да ээ. Ошол эле учурда жемиштер жана мөмөлөр боюнча олуттуу жетишсиздик сакталууда — 48,1%. Мониторингдин натыйжалары Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутумунун алкагында агроөнөр жай комплексинин тутумчасында кызыкдар колдонуучуларга жеткиликтүү.

Мындан тышкары, отурумдун катышуучулары 2020-жылы Комиссиянын Коллегиясынын чечими менен бекитилген Сүт багытындагы бодо малдын асыл тукум баалуулугун баалоо методикасына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселени колдошту. Кеп сүт багытындагы бодо малдын селекциялануучу белгилеринин тизмесин, Жаныбарларды эсепке алуу боюнча эл аралык комитеттин сунуштарын эске алуу менен (экстерьери, көбөйтүү жөндөмдүүлүгү жана желиндин саламаттыгы боюнча) асыл тукумдук баалуулугун баалоо процессин өлчөө жана деталдаштыруу тартибин кеңейтүү жөнүндө болууда.

"Киргизилип жаткан өзгөртүүлөр сүт жана сүт продукциясын өндүрүүнүн экономикалык натыйжалуулугуна кыйла таасир тийгизген белгилер боюнча жаныбарлардын асыл тукумдук баалуулугун ар тараптан жана толук көлөмдө аныктоого мүмкүндүк берет", – деп белгиледи Артак Камалян. 

Ошондой эле Консультативдик комитеттин мүчөлөрү Бирлик өлкөлөрүнүн жер кыртышынын күрдүүлүгүн сактоо жана калыбына келтирүү чөйрөсүндө кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты. Маселенин актуалдуулугу айыл чарба өндүрүшүнүн негизи болгон жер кыртышынын ресурстарына антропогендик жүктөмдүн көбөйүшү менен шартталган. Атап айтканда, ФАОнун баамы боюнча, жер кыртышынын эрозиясы 2050-жылга карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өндүрүшүнүн 10%дык төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн, ал эми айыл чарба жерлеринин топурактарынын азыркы деградациясынын деңгээли 31%га бааланат.