Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
25.04.2024

ЕЭКте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Кубанын маалыматтык технологиялар жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Маалыматтык технологиялар жана телекоммуникациялар жаатындагы өз ара иштешүү, биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашыруу жана кызматташтыктын перспективалары Евразия экономикалык комиссиясынын Маалыматтык технологиялар департаментинин директору Александр Алексанян менен Ариадна Пласенсия Кастро башында турган Кубанын маалыматташтыруу жана коммуникациялар боюнча бизнес-тобунун жолугушуусунда каралды. 

Александр Алексанян Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык тутумун (ИМТ) түзүү боюнча комиссиянын масштабдуу иши, Бирликтин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда маалыматтарды жана электрондук документтерди мамлекеттер аралык алмашууда чек ара аралык ишеним мейкиндигин өнүктүрүү, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрү бири-биринин электрондук санариптик колтамгаларын таануу жөнүндө айтып берди.

ЕАЭБ мамлекеттеринин санариптештирүү чөйрөсүндө үчүнчү өлкөлөр менен кызматташуусунун ийгиликтүү мисалы катары тармактык департаменттин башчысы ЕАЭБдин Вьетнам менен өз ара аракеттенүүсүн атады. "ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосунда ИМТны пайдалануу менен маалымат алмашуу боюнча маалыматтык өз ара иштешүүнү ишке ашыруунун ийгиликтүү тажрыйбасын белгилебей коюуга болбойт, – деди Александр Алексанян. – Бул тажрыйба Куба менен электрондук маалымат алмашууда колдонулушу мүмкүн, мындай кызматташтыктын – потенциалы чоң".

Кубалык тарап өлкөнүн экономикасын санариптик трансформациялоо, телекоммуникациялык инфраструктураны, маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана тармактык туташуулардын сапатын жогорулатуу боюнча иштер тууралуу маалымат берди. Бизнес-топтун өкүлдөрү ЕАЭБ мамлекеттеринде өздөрүнүн маалыматтык технологияларын илгерилетүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Александр Алексанян кубалык кесиптештерин МКТ чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу жана санариптик иштеп чыгуулар жаатындагы алдыңкы тажрыйбалар үчүн Минскте өтө турган "ТИБО-2024" маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча эл аралык форумга катышууга чакырды.

Тараптар жигердүү өз ара аракеттенүүнү улантууну, ЕЭКтин делегациясынын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес чөйрөлөрүнүн жыл сайын өткөрүлүүчү FIHAV Гавана эл аралык жарманкесинин алкагында улуттук илимий-технологиялык парктардын ишмердиги менен таанышуу үчүн Кубага сапарын иштеп чыгууну макулдашышты.

Куба Республикасы ЕАЭБге караштуу байкоочу-мамлекет болуп саналат. ЕАЭБдин Куба менен кызматташуусунун негизине өз ара пайдалуу диалогду өнүктүрүү үчүн олуттуу база киргизилген, атап айтканда, Комиссия менен Кубанын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга, Биргелешкен иш-чаралардын планына кол коюлган.

ЕАЭБден Кубага кайра иштетүүчү өндүрүштөрдүн продукцияларын экспорттоонун көлөмү 2023-жылы 3%га көбөйгөн, 2022-жылга салыштырмалуу ЕАЭБге Куба товарларынын импорту өткөн жылы эки эсеге өскөн.