"Бул жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Деңиздеги өткөрүү пункттарында электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн концепциясын бекитишти. Биздин алдыбызда аны ишке ашыруу боюнча чоң иш турат. Анын жыйынтыгы транспорт кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана деңиз портундагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, электрондук документ жүгүртүүгө өтүү болмокчу", – деди Темирбек Асанбеков.
Концепция 2021-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилге эсептелген биринчи баскычтын иш-чараларынын планын камтыйт. Кагаз алып жүрүүчүдө көрсөтүлүүчү документтердин тизмегин даярдоо, электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү жана санариптик технологияларды пайдалануу чөйрөсүндөгү учурдагы абалды талдоо пландаштырылган. Ошондой эле, улуттук стратегияларга, эл аралык келишимдерге жана мүчө мамлекеттердин ченемдик укуктук актыларына талдоо жүргүзүү, ошондой эле деңиздеги өткөрүү пункттарында электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү үчүн Бирликтин өлкөлөрүнүн ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ЕЭК Коллегиясынын сунуштамасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу пландаштырылган.
Алдын ала баалоолор боюнча, деңиздеги өткөрүү пункттарында жана деңиз портторунда ташуучулар деңиз портторунун капитандарына жана мамлекеттик органдарга кагаз алып жүрүүчүдөгү 30дан ашуун документтерди көрсөтүшөт. Электрондук документ жүгүртүүнү пайдалануу бул көлөмдү, айрым баалоолор боюнча, 5-10 документке чейин азайтышы мүмкүн. Кагаз алып жүрүүчүлөрдөн толугу менен баш тартуу да мүмкүн. Ошондой эле, эксперттик топ ушул жылдын июнь айында өткөрүлгөн Евразия экономикалык комиссиясынын БУУ ЕЭК/БУУ СЕФАКТ менен электрондук маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү стандарттарды колдонуу жана алардын шайкештигин камсыз кылуунун негизинде жүктөрдү чек ара аралык (мультимодалдык) ташууларда электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү жөнүндө вебинарынын жыйынтыктарын талкуулады.
ЕЭК Коллегиясынын ушул жылдын 1-июнундагы № 86 ЕАЭБ мамлекеттеринин деңиздеги өткөрүү пункттарында электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү боюнча эксперттик топтун курамын бекитүү жөнүндө тескемесин аткаруу максатында, Темирбек Асанбеков эксперттик топтун курамын бекитти.