Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында контролдоочу органдардын өз ара иштешүү маселелерин Евразия экономикалык комиссиясынын профилдик Консультативдик комитетинин мүчөлөрү ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамыткановдун төрагалыгы астында өткөн отурумда талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын өткөрмө пункттарынын бажы инфраструктурасына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө баяндама жактырылды. Өткөрмө пункттарынын ишинин жана аларда контролдоочу органдардын ишмердигинин натыйжалуулугун баалоо боюнча дүйнөлүк тажрыйба талданган. Консультативдик комитеттин алдында Бирлик өлкөлөрүндөгү өткөрмө пункттарын өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарына ылайык натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн тизмесин, ошондой эле алардын маанилерин эсептөө методикасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү жактырылды.
ЕЭК Кеңешинин 2019-жылдын 22-февралындагы № 6 чечимине Бирлик мамлекеттеринин өткөрүү пункттарын модернизациялоонун же жеткире жабдуунун алдыдагы пландары туурасында Бирлик мамлекеттеринин ар жылдык маалымдоосу боюнча толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгү каралды.
Максат Мамытканов белгилеп өткөндөй: "Комиссиянын бажы блогунун өткөрүү пункттарына жүктөм жөнүндө кененирээк маалымат берүү боюнча сунуш кылынган демилгелери ЕАЭБтин бажы инфраструктурасын жана транспорттук коридорлорун өнүктүрүү маселелерин координациялоону жакшыртууга багытталган. Өткөрмө пункттары аркылуу өтүүдө жүктөрдү иштетүү ылдамдыгына таасир этүүчү факторлорду толугураак талдоо контролдоочу органдар үчүн гана эмес, бизнестин өкүлдөрү үчүн да бизнес-процесстерди оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Өткөрүлүп жаткан жүктөрдүн көлөмдөрү боюнча кошумча маалыматты колдонуу мүмкүнчүлүгү бизнеске өз ишмердигин жүк агымдарын жана Бирликтин тышкы чек арасында жайгашкан бажылык жана башка инфраструктурага иш жүзүндөгү жүктү эске алуу менен пландаштырууга мүмкүндүк берет".