Бүгүн Евразия экономикалык комиссиясында адамзат тарыхындагы эң байыркы майрамдардын бири болгон – Нооруз майрамы белгиленди.
Бул күнү Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринин жана бөлүмдөрүнүн адаттагы иш жагдайын улуттук ырлар жана бийлер көркүнө чыгарышты.
Адатта иштиктүү жолугушуулар өткөрүлүүчү жайда боз үй тигилип, ачык түстөгү чыгыш килемдери төшөлүп, евразия элдеринин каада-салттары көргөзүлдү. Майрамдын катышуучуларын көпчүлүгү кооз улуттук кийимдерди кийип келишти.
Иш-чарада меймандар улуттук тамак-аштардын даамын татып көрүштү.
"Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыздар. Бүгүн биз бардыгыбыз биргеликте беш мамлекеттин тең укуктуулугу, достугу, экономикалык пайдасы принциптерине негизделген интеграциялык бирикмени куруп жатабыз. Биз баштаган бардык аракеттер ийгиликтүү болсун!" – деп Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев иш-чаранын конокторуна тилегин билдирди.
2010-жылдын 23-февралында БУУнун Башкы Ассамблеясы 21-мартты Эл аралык Нооруз күнү деп тааныган. ЮНЕСКОнун 2009-жылдын 30-сентябрындагы чечими менен майрам Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилген.
Майрамдын аталышы ар кандай өлкөлөрдө - Нооруз, Наурыз, Новруз, Науруз, Ноуруз деп айырмаланат.