Жаңылыктар

20.03.2025

ЕЭКте ЕАЭБ алкагында өнөр жай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери каралды

Өнөр жайда кооперацияга каржылык көмөк көрсөтүү механизмин ишке ашыруу, евразиялык технологиялык платформалардын жана мамлекеттер аралык программалардын ишин өркүндөтүү, өнөр жай саясатынын чараларын ишке ашырууда сезимтал товарларга карата милдеттенмелерге мониторинг жүргүзүү, ошондой эле чийки зат эмес, жогорку технологиялык продукцияны биргелешкен экспорттоо маселелери Өнөр жай боюнча консультативдик комитеттин отурумунда талкууланды.

Консультативдик комитеттин мүчөлөрү Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мунай-газ жабдууларын өндүрүү жаатында кооперациялык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө сунуштаманын долбоорун, чийки зат эмес, жогорку технологиялык продукцияны биргелешип экспорттоо үчүн келечектүү рынокторду жана өнөр жай тармактарын талдоонун жыйынтыктарын жана "Робототехника" евразиялык технологиялык платформасын түзүүнү жактырышты.

Отурумдун катышуучулары өнөр жай тармактарында кооперациялык долбоорлорду тандоо жөнүндө жобонун колдонуудагы ченемдерин мындан ары өркүндөтүү боюнча мамилелерди жактырышты.

"Мүчө мамлекеттердин ишкер чөйрөлөрүнүн активдүү катышуусу евразиялык технологиялык платформалардын жана мамлекеттер аралык программалардын потенциалын өнүктүрүүнү камсыз кылат", — деп баса белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян.