Жаңылыктар

04.03.2024

Өнөр жай товарларынын евразиялык реестрине Армениядан товарлар жөнүндө маалыматтар киргизилди

Армения Республикасынын Экономика министрлигинин билдирүүсүнүн негизинде, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин өнөр жай товарларынын евразиялык реестрине Армения Республикасынан өнөр жай товарлары жана алардын өндүрүүчүсү жөнүндө маалыматтар киргизилген.

Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаментинин директорунун орун басары Павел Жуковский белгилегендей, бул окуяны маанилүү деп атоого болот, анткени эми евразиялык реестрде Бирликтин бардык өлкөлөрүнөн өнөр жай товарлары жана аларды өндүрүүчүлөр жөнүндө маалыматтар камтылды.

"Мындай маалыматтардын саны 22 миңге жакын болгонуна карабастан, өсүш үчүн дагы орун бар жана биз Бирлик өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнөн кезектеги билдирмелерди күтүп жатабыз", – деди Павел Жуковский.

4-мартка карата абал боюнча Евразиялык реестрде 21991 товар жана Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиядан алардын 148 өндүрүүчүлөрү жөнүндө маалыматтар камтылган. 

Маалымат

Армения Республикасынын Экономика министрлиги ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин өнөр жай товарларынын Евразиялык реестрин түзүү жана жүргүзүү маселелери боюнча ЕЭК менен өз ара аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.