Жумушчу топтун отурумуна мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү, анын ичинде почта операторлору жана экспресс-ташуучулар катышты.
2023-жылдын 25-декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде Бирликтин Бажы кодексине тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу жагында Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго кол коюлган.
Экспресс-жүктөргө жана эл аралык почта жөнөтүүлөрүнө карата бажы операцияларын жүргүзүү тартибин өркүндөтүү боюнча жумушчу топ Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитеттин алдында түзүлгөн жана 2018-жылдан бери иштеп келе жатат.