Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
21.06.2022

"Чек арасыз жумуш" долбоорунда жаңы ыңгайлуу сервистер пайда болмокчу

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрүнө ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин ЕАЭБдин санариптик күн тартибинин алкагында долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө баяндамасы көрсөтүлдү.
Учурдагы шарттарда ЕАЭБдин санариптик күн тартиби эң жаңы технологиялык чечимдерди жайылтууга, мүчө мамлекеттердин мыкты иштелмелерин колдонууга өбөлгө түзүү үчүн арналган. "Маалымат жана байланыш" сектору 2021-жылда ЕАЭБ өлкөлөрүндө жалпы ИДӨнүн 2,6% камсыз кылды. 

Санариптик күн тартибинин алкагында Комиссия "Чек арасыз жумуш" универсалдуу издөө тутумунун үстүнөн ишти аяктады, "Евразия өнөр жай кооперациясы, субконтрактация жана технологиялар трансфери тармагы",

"ЕАЭБде санариптик техникалык жөнгө салуу", "Санариптик транспорт коридорлорунун экотутумунун сервситеринин витринасы" долбоорлорун ишке ашыруу улантылууда.

 Стратегия-2025тин алкагында Бирликтин санариптик күн тартибинин төмөнкү жаңы демилгелери каралууда:

- соода, кооперация жана логистика процесстеринин бардык түрлөрүндө пайдалануу үчүн арналган, Евразия продукциясынын бири-бири менен байланышкан электрондук каталогдорунун тутуму;

- жумуш издөөчүлөр жана жумуш берүүчүлөр үчүн жаңы сервистерди кошуу менен "Чек арасыз жумуш" долбоорун өнүктүрүү.