Жаңылыктар

27.05.2022 (Обновлено: 21.06.2022 10:55)

Евразия экономикалык форумунун алкагында ЕАЭБдин зергерчилик тармагын өнүктүрүү маселелери талкууланды

Бишкек шаарында өткөн биринчи Евразия экономикалык форумунда "ЕАЭБдин зергерчилик күн тартиби: натыйжалар, перспективалар, мүмкүнчүлүктөр" сессиясынын алкагында глобалдык зергерчилик рыногунун тренддерин эске алуу менен Евразия экономикалык бирлигинин зергерчилик тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Руслан Татиков зергерчилик тармагы Бирликтин маанилүү тармактарынын бири болуп саналарын белгиледи.

"ЕАЭБ өлкөлөрү - алтын казып алуу боюнча дүйнөдөгү лидерлердин бири, жыл сайын болжол менен 400 тонна алтын казылат. Эң көп алтын Россияда казып алынат - болжол менен 300 тонна, андан кийинки орунда Казакстан турат - болжол менен 60-65 тонна. Ал эми Кыргызстан жөнүндө айта турган болсок, бизде 20-25 тонна алтын казылат", - деп тактап өттү министрдин орун басары.

Ал зергерчилик тармагындагы маселелерди чечүүдө Кыргызстан жигердүү позицияны ээлей тургандыгын белгиледи.

"Былтыркы жылы биз Кимбирли процессине киргенбиз. Бул бизге ЕАЭБ алкагында дүйнөлүк рынокко чыгууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет... Бул жагында бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар жана биз биргелешкен күч-аракеттер менен иштөөгө даярбыз", - деп кошумчалады Руслан Татиков.

Россия Федерациянын Финансы министрлигинин баалуу металлдар жана асыл баштар тармагын мамлекеттик жөнгө салуу департаментинин директору

Юлия Гончаренко санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн, анын ичинде зергерчилик тармагында "санарипти" өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Буга байланыштуу ал россиялык тарап беларуссиялык өнөктөштөр жана ЕАӨБ СДФ менен биргеликте зер буюмдарын соодалоо боюнча электрондук санариптик аянтчаны түзүү демилгесинин үстүндө иштеп жаткандыгын эске салды.

"Биз интеграциялык процесстердин келечегин көрүп турабыз, бирок белгилей кетүүчү нерсе - бул жалпы кызыкчылык болушу зарыл, зергерчилик рыногун түзүүгө биргелешип аракеттенүү керек", - деди Юлия Гончаренко.

Россия Федерациясынын Федералдык пробирдик палатасынын жетекчиси Юрий Зубарев ЕАЭБ өлкөлөрүндө өндүрүлгөн продукцияны андан ары энтамгалоо жана маркалоо үчүн улуттук пробирдик палатанын тастыктоо механизмин колдонууну сунуштады.

Беларусь Республикасынын Финансы министрлигинин баалуу металлдар жана асыл таштар башкы башкармалыгынын башчысы Иван Степаненко сессиянын катышуучуларына өлкөнүн зергерчилик тармагындагы иштери жөнүндө маалымдады. Анын айтымында, азыр Беларуста жана Россияда зер буюмдарын маркалоо боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылып жатат. Анын алкагында, Беларусь ыйгарым укуктуу органдар ЕАЭБде зер буюмдарынын жылдырылышы жөнүндө маалымат алуусу үчүн "маалымат тутумдарын интеграциялоонун жолдорун издей" баштаган.

"Биз рыноктун ачыктыгына жетишип, контрафакт продукциясы анда эч кандай жол менен пайда болбошун каалайбыз", - деп баса белгиледи Иван Степаненко.

Евразия өнүктүрүү банкынын санариптик демилгелер фондунун дирекциясынын директору Виктор Гриднев евразия мейкиндигинин зергерчилик ассоциацияларынын өтүнүчү боюнча зер буюмдарын үчүнчү өлкөлөргө экспорттоону уюштуруу темасы жигердүү иштелип жаткандыгы жөнүндө айтып берди.

"Азыр биздин зергерлердин буюмдарын чет өлкөлөргө чыгарууга жардам бере турган санариптик чечимдерди түзүүнү жигердүү талкуулап жатабыз. Продукция атаандаштыкка жөндөмдүү, ага суроо-талап бар. Биздин милдет - бул экспортту уюштура алган, тышкы контурда татыктуу көрсөтө турган жана иштей турган механизмди камсыздоочу процесстердин топтомун түзүү", - деп белгиледи Виктор Гриднев.

Евразиялык зергердик экспорттук бюросунун төрагасынын милдетин аткаруучу Гагик Мкртчян экономикалык санкциялар орун алган шарттарда Евразиялык зергердик экспорттук бюросунун алдындагы милдеттер бир аз башкача багытка ээ болорун айтты.

Эгерде буга чейин бюронун негизги милдети - АКШ менен ЕБдин рынокторуна экспортту көбөйтүүгө көмөктөшүү болсо, Гагик Мкртчяндын айтымында, учурда түзүлгөн реалдуулук экспорттук максаттуу милдеттерди өзгөртүүнү талап кылат.

"Биз ЕАЭБ мейкиндигинде зер буюмдардын импортун алмаштыруу маселелеринде олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Азыркы учурда биз мурда импорттоочу нерселерди жасай баштадык, жана көп нерселерди биздин чет элдик өнөктөштөрдөн жакшыраак жасай ала турганыбыз билинди. Мындан тышкары, жогоруда айтылып өткөн экспорттук максаттуу рынокторду Кытай, БАЭ, Жакынкы Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Азиянын ж.б. рынокторуна алмаштыруу жүрүп жатат", - деп белгиледи Гагик Мкртчян.

"IlgizF" брендинин директору, J- 1 Эл аралык зергердик көргөзмөсүнүн вице-президенти Дина Насырова тармактын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизген, зергерчилик тармагында адистерди даярдоо темасын көтөрдү.

Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын соода чектөөлөрү, валюталык жана экспорттук контроль башкармалыгынын башчысы Сергей Шкляев зергерчилик тармагындагы айрым жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү үчүн ГИС-ДНДК жаңы мамлекеттик маалыматтык тутуму иштей баштагандыгы жөнүндө айтты. 

"Бул документтердин түп нускаларын бажы органдарына берүү зарылчылыгы менен байланышкан коромжуларды минималдаштырат. Бүгүнкү күндө биз санариптик форматта иштөөгө даярбыз. Сиздердин милдет - бул документтер мамлекеттик органда электрондук түрдө жайгаштырылышын жана алынышын камсыздоо. Андан ары биз иштейбиз, биздин маалыматтык тутум иштейт", - деп жыйынтыктады Сергей Шкляев.

Панелдик сессиянын модераторлору Беларусь Республикасынын финансы министринин орун басары Ольга Тарасевич, "Алтын" зергердик холдингинин вице-президенти Антонина Бабосюк болушту.

Маалымат

Евразия экономикалык форуму Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде төрагалык кылган Бирликтин мамлекетинде жыл сайын кезек менен өткөрүлүүчү, Евразия экономикалык бирлигинин экономикалык чөйрөдөгү ишкердик иш-чарасы болуп саналат.

Форумга катышуу акысыз. Евразия экономикалык форумунун программасы менен расмий сайттан таанышууга болот.

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү