Жаңылыктар

20.11.2024

Валентин Татарицкий: "ЕАЭБ менен ШКУнун керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү өз ара иштешүүсү аймактар аралык диалог үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат"

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун актуалдуу маселелери жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен ШКУнун тармактык өз ара иштешүүсүн тереңдетүү жолдору, 20-22-ноябрда Самаркандда Өзбекстан Республикасынын демилгеси менен өтүп жаткан ШКУ мүчө өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча уюмдардын консультативдик жолугушуусунда талкууланууда.

Жолугушуунун катышуучуларына саламдашуу сөзү менен Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий кайрылды. Ал Бирликтин алдындагы байкоочу-мамлекет катары Өзбекстандын демилгесинин маанилүүлүгүн белгилеп, ЕАЭБ жана ШКУ мамлекеттеринин ортосунда өз ара иштешүүнүн оң тажрыйбасын жана салттарын баса белгиледи.

"Консультативдик жолугушуу керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө глобалдык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Ал ЕАЭБ жана ШКУ өлкөлөрүнүн бул багыттагы потенциалын бириктирип, эл аралык өз ара иштешүү үчүн жаңы перспективаларды түзөт", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.

Жолугушууну Өзбекстандын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомдорунун федерациясы тарабынан ШКУнун Элдик дипломатия борбору жана Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо комитети менен биргеликте уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕЭК өкүлдөрү ЕАЭБ мамлекеттеринин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында эл аралык кызматташтыгынын тажрыйбасы менен тааныштырып, актуалдуу маселелерди, анын ичинде чек ара аралык талаш-тартыштарды чечүү жана электрондук соодада жана туризмде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелерин талкуулоого катышышат.

Иш-чаранын алкагында ЕЭК өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын мамлекеттик органдарынын жана коомдук уюмдарынын ушул жылдын октябрь айында Ереванда кол коюлган 2024-2026-жылдарга карата Комиссиянын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн биргелешкен иш-чаралар планын ишке ашырууга арналган жолугушуулары пландаштырылган.

ЕАЭБ жана ШКУ ырааттууулук менен өз ара аракеттенүүсүн тереңдетип келишет. ЕЭК менен ШКУнун Катчылыгынын ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2021-жылдын 17-сентябрында кол коюлган.