Жаңылыктар

31.05.2022

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы ЖОЖдору Евразия тармактык университетин түзүү жөнүндө келишишти

26-майда Бишкекте өткөрүлгөн Евразия экономикалык форумунун аянтчасында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы ЖОЖдорунун ректорлору Евразия тармактык университетин (ЕТУ) түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Тармактык университет евразиялык интеграциянын Стратегия-2025те чагылдырылган жаңы багыттарын ишке ашыруунун алкагында, билим берүү тармагында баскычтар боюнча тоскоолдуктарсыз чөйрөнү түзүү үчүн түзүлүүдө.

Меморандумда белгиленгендей, ЕТУнун ишмердигинин максаттары – ЕАЭБдин адамдык жана интеллектуалдык капиталын өнүктүрүү, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө жана алардын экономикаларынын узак мөөнөттүү гүлдөп-өсүшүнө көмөк көрсөтүү, жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү. ЕТУнун милдеттери – ЕАЭБдин эмгек рыногунун муктаждыктарын канааттандыруу үчүн тармактык формада квалификацияланган кадрларды даярдоо (анын ичинде алыстан билим берүү технологияларын пайдалануу менен); ЕАЭБдин эмгек рыногунун өнүгүшүн мониторингдөө; дүйнөлүк рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү болгон илимий изилдөөлөрдү жана иштелмелерди уюштуруу; ЕАЭБдин алкагында билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн эркин өткөрүлүшүнө көмөк көрсөтүү; евразиялык интеграциянын баалуулуктары духунда жаштардын жеке өсүшүн демилгелөө.

Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри, РИА академиги Сергей Глазьев "Жогорку билим берүү программаларын ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнүн тармактык формаларын өнүктүрүү" деп аталган тематикалык сессияда билдиргендей, Комиссия бирдиктүү экономикалык мейкиндикте, анын ичинде эмгек рыногунда тоскоолдуктарды жоюунун үстүнөн иштөөдө.

"Биз жогорку билими жөнүндө дипломдорду өз ара таануу жагында тоскоолдуктарды жоюуга жетише алдык, илимий даражалар жана илимий наамдар жөнүндө документтерди тике таануу жөнүндө макулдашуу даярдалды. Биздин алдыбызда турган милдеттердин бири – бирдиктүү экономикалык мейкиндикте суроо-талапка ээ болгон адистиктер боюнча билим берүү программаларыбызды жакындатуу", – деди Сергей Глазьев.

РИА академиги Виктор Садовничий тармактык университеттин моделинин долбоорун көрсөтүп жатып, ал "ЕАЭБдин жалпы эмгек рыногун түзүүнүн натыйжалуу аспабы, Евразия экономикалык комиссиясынын жана илимий-билим берүү жана бизнес-коомдоштуктардын өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн модератору болуп калышы мүмкүн" деп баса белгиледи.

"Университеттин миссиясы кадрларды даярдоо стандарттарын иштеп чыгуу жана контролдоо, билим берүү программаларынын интеграциясына көмөк көрсөтүү, перспективдүү илимий-изилдөөчүлүк жана инновациялык долбоорлорду колдоо болуп калышы мүмкүн", – деди Виктор Садовничий.

М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору Алмаз Кадыралиев Евразия тармактык университетинин долбоорун мүнөздөп жатып, анын идеясы тармактык университеттин эл аралык моделине окшоштугун, бирок евразиялык долбоордо приоритет санариптик форматтарга берилерин баса белгилеп өттү. Ошондой эле, ректор КЭУда санариптик окутуу негизи буга чейин эле колдонулуп келе жаткандыгын жана буга байланыштуу ЕТУда билим берүү программаларын бир кыйла толугураак ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн аталган долбоорго катышкан жогорку окуу жайларынын ортосунда активдүү тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү артат деп белгиледи.

Талкуунун катышуучулары ЕАЭБдин алкагында ЖОЖдор аралык консорциумдарды түзүү, Бирликтин мамлекеттеринде кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырууда алыстан билим берүүнү өнүктүрүү маселелерин, онлайн билим берүү программаларын биргеликте иштеп чыгууну жана мамлекеттер аралык алыстан кесиптик билим берүү, кесиптик даярдоо жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бирдиктүү Евразия билим берүү мейкиндигин түзүү перспективалары да сессиянын катышуучуларынын көңүл борборунда болду.

Евразия тармактык университетинин депозитарийи М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Евразия компетенция борбору болмокчу.

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү