Жаңылыктар

07.11.2024

Владимир Серпиков Сириянын Россиядагы Элчиси Башар Джаафари менен ЕАЭБ менен кызматташуу жөнүндө меморандум түзүү маселелерин талкуулады

Евразия экономикалык комиссиясынын Соода саясаты департаментинин директору Владимир Серпиков Сирия Араб Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Башар Джаафари менен жумушчу жолугушуу өткөрдү, анын жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясы менен Сирия Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбоору талкууланды.

"Азыркы учурда Сирия үчүн экономикалык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыты Чыгыш болуп саналат. Буга байланыштуу биз үчүн ЕАЭБ, ШКУ жана БРИКС сыяктуу бирикмелер менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү стратегиялык жактан маанилүү", – деп баса белгиледи Башар Джаафари.
Тараптар келечектеги Меморандумду мазмундук толтуруу маселелерин карап чыгышты, ошондой эле ага кол коюу процедурасын тездетүүнүн үстүндө иштөөнү макулдашышты.