Қаріп өлшемі:
A
A
A
Сайттың түсі:
C
C
C
Сайттын кадимки версиясы
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Издөө
Издөө
Выберите язык
рус
eng
арм
бел
қаз
кыр
Комиссиясы
Жаңылыктар
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Күндөрдү тандаӊыз
Жаңылыктарды көргүңүз келген күндөрдү «кк.аа.жжжж.» форматында көрсөтүңүз, мисалы, 01.01.2017
Багыт тандаңыз
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Издөөнүн жыйынтыктары: 5888
30 майындагы 2025
ЕЭКте ЕАЭБдеги бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү маселелери талкууланды
30-апрелде Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин бажылык кызматташтык боюнча министри Руслан Давыдовдун төрагалыгы менен бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун отуруму болду. Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине киргизилүүчү ЕАЭБдин бажылык чек арасы аркылуу контейнерлерди жөнөкөйлөштүрүп өткөрүүгө тиешелүү түзөтүүлөр талкууланды. Бажылык транзиттин бажылык жол-жобосун колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле балык кармоо жана балык продукциясы тууралуу маалымат алмашуу маселелери каралды. Жумушчу топтун катышуучулары өтө сезимтал маселелер боюнча талкууну улантууну макулдашышты. Жумушчу топтун кийинки отурумун ушул жылдын май айында көздөй форматта өткөрүү мерчемделди.
30 майындагы 2025
Максим Ермолович: "Атаандаштык боюнча региондук уюмдардын жолугушуулары дүйнөдөгү көбүрөөк натыйжалуу атаандаштык саясатын иштеп чыгууга жардам берет"
Евразия экономикалык комиссиясы Египеттин атаандаштык мекемесинин колдоосу менен Каир шаарында атаандаштык боюнча региондук уюмдардын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусун өткөрдү. Ага ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович катышты. ЕЭКтин тармактык блогунун демилгеси менен салтка айланып калган мындай иш-чаралар эл аралык региондук уюмдарга актуалдуу маселелер боюнча конструктивдүү кызматташтык жүргүзүүгө, иш тажрыйбасын алмашууга жардам берет. Бешинчи жолугушуунун катышуучуларынын көңүл борборунда атаандаштыкты натыйжалуу жөнгө салуу практикалары болду. "Биз региондук кызматташтыктын артыкчылыктарын илгерилетебиз, региондор аралык диалогду бекемдеп жана жайылтып жатабыз, алдыңкы атаандаштык практикаларын ар бир региондун муктаждыктарына ыңгайлаштырып жатабыз, жаңы идеяларды жаратып жатабыз, булар акыркы натыйжасында дүйнөдөгү көбүрөөк натыйжалуу атаандаштык саясатына алып келет", — деп эсептейт Максим Ермолович. ЕЭК атаандаштык боюнча региондук уюмдардын жолугушууларын өткөрүүнү уланта берет. Бешинчи жолугушууга Египеттин атаандаштык мекемесинин төрагасы, ЮНКТАДдын өкүлдөрү, Чыгыш жана Түштүк Африканын жалпы рыногунун, Чыгыш Африка коомдоштугунун, Батыш Африка экономикалык жана валюталык бирлигинин, Батыш африкалык мамлекеттердин экономикалык коомдоштугунун, Араб атаандаштык желесинин, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын, БРИКСтин жана Кариб коомдоштугунун өкүлдөрү катышты.
29 майындагы 2025
Арзыбек Кожошев КМШ КТКнын тармактык кесиптик компетенциясы боюнча эл аралык конференциянын катышуучуларына кайрылды
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев транспортту туруктуу өнүктүрүү үчүн кесиптик компетенцияга карата талаптарга арналган Эл аралык конференциянын катышуучуларынын алдында видео кайрылуу форматында чыгып сүйлөдү. ЕЭК министри өз сөзүндө кесипкөйлүк тармакты өнүктүрүү үчүн маанилүү роль ойноорун, мында компетенциялардын жогорку деңгээли — транспорттун жана транспорттук инфраструктура объекттеринин үзгүлтүксүз иштешинин кепилдиги экенин баса белгиледи. "Технологиялык прогресс бүтүндөй транспорт тутумуна жаңы талаптарды коет, транспорттук операцияларды технологиялаштыруу жигердүү жүрүп жатат, "акылдуу" санариптик жана интеллектуалдык чечимдер киргизилүүдө. Ошого карабастан, бардык бул аракеттерде транспорт тутумунун туруктуулугун жана жашоого жөндөмдүүлүгүн камсыз кылган адистердин ролу маанилүү бойдон калууда", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Министр ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрү евразиялык мейкиндикте окумуштуулук даражаларды өз ара таануунун эсебинен мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн иштерди жүргүзүп жатканын билдирди. "Эл аралык өнөктөштүктүн алкагында кесиптик компетенцияны жогорулатуу жыйынтыгында өлкөлөрдүн жана жалпы региондун экономикасынын өсүшүнө өбөлгө түзөт", — деп баса белгиледи министр.
29 майындагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Astana International Forum ишине катышты
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 29-майда Астанада Astana International Forum — дүйнө лидерлерин, эл аралык уюмдардын башчыларын, инвесторлорду жана бизнес өкүлдөрүн бириктирген жыл сайын өтүүчү эң ири иш-чара болгон форумга катышты. AIF-2025 башкы темасы — "Connecting Minds, Shaping the Future" (Акылдарды бириктирүү, келечекти түзүү) болду. Мамлекет, өкмөт жана эл аралык уюмдардын башчылары глобалдык күн тартибинин негизги үч багыты боюнча: тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук; экономика жана финансы; энергетика жана климаттын өзгөрүшү боюнча маселелердин кеңири спектрин карап чыгышты. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы глобалдык экономикалык өнүгүүгө багытталган демилгелер талкууланган пленардык отурумга катышты. AIF-2025 аянтчасында Бакытжан Сагинтаев Форумдун жогорку деңгээлдеги катышуучулары менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү. AIF-2025 катышуучулары дүйнө жүзүнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 5 миңден ашык адамдар болушту. 25 талкуу аянтчасы уюштурулуп, аларда 600гө жакын чет элдик коноктор чыгып сүйлөштү.
29 майындагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Astana International Forum талааларында бир катар жолугушууларды өткөрдү
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 29-майда Астанада Astana International Forum талааларында бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ЕЭК жана ТМУ ортосундагы системалуу кызматташтыкка чыгуунун маанилүүлүгү, эки интеграциялык бирикменин иш тажрыйбасы менен алмашуунун маанилүүлүгү белгиленди. Түрк Инвестициялык фондунун президенти Багдад Амреев менен жолугушууда ЕАЭБ мейкиндигинде ишкердикке көмөктөшүү маселелери талкууланды. БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохамед аль-Мазруи менен болгон сүйлөшүүдө энергетика тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды. Комиссия менен БАЭ Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумду практикалык ишке ашыруу маселелери Бакытжан Сагинтаевдин Бириккен Араб Эмираттарынын Казакстандагы элчиси Мухаммед Саид Мухаммед аль-Арики менен жолугушуусунда каралды. Евразия өнүктүрүү банкынын Башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын чыңдоо үчүн инвестициялык ишмердүүлүктүн келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду. Евразиялык "бешилтиктин" мамлекеттеринин вице-премьерлери — ЕАЭБ кеңешинин мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдө "Евразия экономикалык жолу" декларациясына ылайык Бирлик ичинде кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары жана үчүнчү өлкөлөр менен экономикалык диалогду өнүктүрүү талкууланды.
29 майындагы 2025
ЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктоо үчүн маселелерди талкуулашты
28-29-майда Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепневдун Индонезия Республикасына жумушчу сапары болуп өттү, анын жүрүшүндө эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү аяктоо үчүн өзгөчө көңүл бурууну талап кылган маселелер талкууланды. "Евразия экономикалык бирлиги менен Индонезиянын ортосунда макулдашууну түзүү Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн товарларына 280 миллиондон ашык калкы бар Түштүк-Чыгыш Азиянын ири рыногуна алымсыз кирүү мүмкүнчүлүгүн берет", — деп Андрей Слепнев Джакартада Индонезия Республикасынын экономикалык маселелер боюнча министри-координатору Аирланга Хартарто менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча белгиледи. ЕЭК министри баса белгилегендей, преференциялык соода режими Индонезия рыногунда ЕАЭБ продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде бул өлкөгө экспортту өстүрүү жана диверсификациялоо үчүн шарттарды түзөт. Сапардын жыйынтыгы боюнча тараптар мындан аркы тыгыз байланыштар жөнүндө макулдашышты жана сүйлөшүүлөрдү тез арада аяктоо планын белгилешти.
29 майындагы 2025
ЕЭК ЕАЭБдин статистикалык маалыматтарынын сапатын баалоо боюнча биринчи отчетту даярдады
Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика боюнча консультативдик комитетинин отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин 2021-2025 — жылдарга карата статистика чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүү программасын жана 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун жылдык жыйынтыктары каралды. Отурумдун катышуучулары ЕАЭБдин 2024-жылга карата расмий статистикалык маалыматтарынын сапатын баалоо тутуму боюнча отчетту талкуулашты. Консультативдик комитеттин мүчөлөрү бул иштин актуалдуулугун баса белгилеп, аны жыл сайын өткөрүү керек деген тыянакка келишти. Ошондой эле статистикага санариптик технологияларды киргизүү жарыялоолорду даярдоо мөөнөтүн кыйла кыскартат деп белгиленди. Отчет ЕЭКтин Статистика департаменти тарабынан Бирлик мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте иштеп чыккан Бирликтин статистикалык маалыматтарынын сапатын баалоо боюнча колдонмосунун талаптарына ылайык даярдалды. Статистика боюнча Консультативдик комитеттин кийинки отуруму 2025-жылдын октябрына пландаштырылган. Статистика боюнча Консультативдик комитеттин отуруму жөнүндө кененирээк маалымат Статистика департаментинин "Статистика боюнча Консультативдик комитет" бөлүмүндө берилген.
29 майындагы 2025
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев ЕАЭБ Күнү менен куттуктады
бирикмени түзүү жана өнүктүрүү боюнча чоң иштерди аткарышты. "Евразия экономикалык бирлиги иштей баштагандан бери анын жалпы ИДӨсү 18%га өсүп, 2,5 триллион долларга жеткен. Экономикалык өсүштүн арымы дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөрдөн кыйла ашты", — деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. Бирликтин алкагында өз ара сооданын көлөмү эки эсеге өстү жана 2024-жылы дээрлик 100 млрд долларга жетти. Ошол эле учурда өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталардын үлүшү 92%дан ашты. Үчүнчү өлкөлөр менен сооданын көлөмү 1,4 эсеге өскөн. Өнөр жай өндүрүшү 29%га, айыл чарба өндүрүшү — 26%га көбөйгөн. ЕЭК Коллегиясынын башчысы баса белгилегендей, азыркы учурда эле Евразия экономикалык бирлигин дүйнөлүк маанидеги экономикалык тартуу уюлу деп атоого болот. Бул максатта ЕАЭБдин ондогон өлкөлөр жана негизги регионалдык интеграциялык бирикмелер менен өз ара иштешүүсү уланууда. "Сооданын, транспорттук-логистикалык каттамдардын жаңы конфигурациясы, каржылык жана эмгек ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүү – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ар биринин жана бүтүндөй интеграциялык бирикменин экономикалык өсүшүнүн негизи", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекет жана өкмөт башчыларына куттуктоо каттарын жөнөттү.
Дагы көрсөтүү