Жаңылыктар

16.02.2023

ЕАЭБдин Карантиндик продукцияларынын тизмегине жана Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына өзгөртүүлөр киргизилди

Карантиндик продукциянын тизмеги "индия мангиферасынын (манго) данеги" позициясына карата деталдаштырылды.

Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптар капр коңузунун таркалышынын булагы болууга жөндөмдүү карантиндик продукциянын айрым түрлөрүндө (ши, шорея жаңгактары, сал жаңгактары, индия гарциниясынын уругу, индия мангиферасынын (манго) данеги) анын жоктугу боюнча атайын карантиндик фитосанитардык талаптар менен толукталды.

Капр коңузу - ЕАЭБ аймагында жок болгон карантиндик зыяндуу организмдер жөнүндө бөлүмгө киргизилген карантиндик объект. Капр коңузунун личинкалары буудайды, кара буудайды, арпаны, сулуну, жүгөрүнү, күрүчтү, жер жаңгакты, пахта жана зыгыр уруктарын, унду жана макарондорду, ал тургай кээде кагазга жана таарга зыян келтириши мүмкүн.

Ошондой эле өсүмдүктөрдүн карантини жаатында Бирликтин укуктук актыларына (Карантиндик продукциянын тизмеги жана Бирдиктүү талаптар) аларды ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн колдонуудагы товардык номенклатурасына шайкеш келтирүүгө тиешелүү техникалык мүнөздөгү түзөтүүлөр киргизилген.

Комиссиянын Кеңешинин чечими ЕАЭБ аймагынын карантиндик фитосанитардык коопсуздугунун тиешелүү деңгээлин камсыздоого жана капр коңузунун кирүүсүнүн жана жайылышынын тобокелдиктерин минималдаштырууга мүмкүндүк берет.