Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине (ББ ТР 021/2011) мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программага өзгөртүүлөрдү кабыл алды.
Программадан 42 позиция алынып салынды, алардын төртөө – алардын актуалдуу эместигине, ал эми 38и боюнча тараптар мурда тийиштүү мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгышканына байланыштуу.
48 стандартты иштеп чыгуунун мөөнөтү жылдырылды, буга Казакстан Республикасы менен Россия Федерациясынын стандартташтыруунун улуттук пландарын актуалдаштыруу жана долбоорлорду оңдоо зарылдыгы себеп болду.
Мындан тышкары, Программа МАМСТ иштеп чыгуу боюнча 17 позиция менен толукталган, анын ичинде жаныбарлардан алынган тамак-аш продукциясындагы ветеринардык дары каражаттарынын (фармакологиялык активдүү заттардын жана алардын метаболиттеринин) калдык санын аныктоо ыкмаларына карата.
Программага өзгөртүүлөрдү кабыл алуу жөнүндө чечим ал расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндөн кийин күчүнө кирет.