Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 29-августта өткөн отурумда "Тамак-аш кошулмаларынын, жыт бергичтердин жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар" техрегламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Өзгөртүүлөр Казакстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ЕАЭБ мыйзамдарына ылайык тамак-аш кошулмаларына талаптар бөлүгүндө, ошондой эле эт продукциясында фосфор кычкылдыгы жана тамак-аш фосфаттары бөлүгүндө иштелип чыккан. Мындан тышкары тамак-аш кошулмаларынын, жыт бергичтердин, технологиялык каражаттардын коопсуздугу чөйрөсүндөгү эл аралык жана европалык мыйзамдарга, анын ичинде Алиментариус Кодексине киргизилүүчү өзгөртүүлөр эске алынган.
Өзгөртүүлөр комплекстүү документ болуп саналат, аларда техрегламенттин беш бөлүмүн жана ага карата 29 тиркемени, анын ичинде тамак-аш продукциясы үчүн уруксат берилген тамак-аш кошулмалары жана жыт бергичтер үчүн уруксат берилген даам-жыт берүүчү заттардын тизмегин актуалдаштыруу каралат.
Атап айтканда, өзгөртүүлөр менен төмөнкүлөр каралган:
- уруксат берилген тамак-аш кошулмаларынын тизмегинен өзүнүн актуалдуулугун жоготкон 19 позицияны алып салуу, ошондой эле 6 позиция менен толуктоо;
- ферменттик препараттардын тизмегин жана даам-жыт берүүчү заттардын тизмегин кеңейтүү;
- айрым тамак-аш кошулмаларын колдонуу жаатын түзөтүү жана тамак-аш продукцияларынын топторунун аталыштарын редакциялоо, анын ичинде заманбап номенклатураны эске алуу менен.
ЕЭК Кеңешинин Чечими расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 180 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бизнестин жаңы талаптарга акырындык менен өтүшү үчүн Комиссиянын Коллегиясынын бул өзгөртүүлөрдү ишке киргизүү тартиби жөнүндө чечиминин долбоору иштелип чыккан, анда жаңы талаптарга акырындык менен өтүүгө 18 ай жана маркировкага карата талаптарга карата 36 ай өтүү каралат. Документ белгиленген тартипте каралат жана кабыл алынат.