Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Бажы бирлигинин "Сүттүн жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизди. Техникалык регламенттин түшүнүк аппараты такталып, сүт продукциясынын айрым түрлөрүнүн идентификациялык, физикалык-химиялык жана микробиологиялык көрсөткүчтөрү бөлүгүндө техникалык оңдоолор киргизилди.
Аталган чечим ал расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 360 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи.
ЕЭК Кеңеши "Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентке өзгөртүүлөрдү киргизди. Өзгөртүүлөрдүн алкагында өндүрүштүн технологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ясли курагындагы балдар жана мектепке чейинки балдар үчүн бут кийимдин жарым салмагын көбөйтүүгө жол берилет. Техрегламенттин айрым жоболоруна оңдоолор дүйнөлүк тенденцияларды эске алуу менен, укук колдонуу практикасынын негизинде киргизилди.
Техрегламентке өзгөртүүлөрдүн күчүнө кириши ЕЭК Кеңешинин аны кабыл алуу жөнүндө чечими жарыяланган күндөн тартып жарым жылдан кийин (болжолдуу түрдө 2023-жылдын апрелинде) каралган.