Жаңылыктар

20.06.2022 (Обновлено: 04.07.2022 17:33)

ПЭЭФ-2022де евразиялык интеграция процесстерине жаштардын кеңири катышуусу маселелери талкууланды

Евразиялык экономикалык интеграцияны жаштардын арасында популярдаштыруу, жаштардын Бирликтеги негизги чечимдерди талкуулоого катышуу механизмдерин өнүктүрүү, ошондой эле академиялык мобилдүүлүктүн евразиялык тутумун түзүү 18-июнда ПЭЭФ-2022нин Эл аралык жаштар экономикалык форумунун – "жаштар күнүнүн" программасынын алкагында өткөрүлгөн "Жаштарды ЕАЭБдин ишмердигине жана иштөө процесстерине тартуу" деп аталган панелдик талкуунун темалары болду. Талкуунун уюштуруучусу – Россиянын Тышкы иштер министрлигинин ММЭМИ (У).

Сессиянын модератору Комиссиянын Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору, ЕЭКтин Жаштар кеңешинин төрагасы Данияр Турусбеков болду. Ал ЭЖЭФтин алкагындагы дискуссия 2022-жылдын 26-майында Бишкекте өткөрүлгөн Евразия экономикалык форумунун I аянтчасында болуп өткөн, жаштарды евразиялык интеграция процесстерине тартуу маселелерин талкуулоонун уландысы болуп калды деп белгиледи. Данияр Турусбековдун айтуусу боюнча, евразиялык интеграциянын контекстинде жаштар күн тартиби өзгөчө актуалдуу болуп турат, анткени ЕАЭБдин келечеги жана ийгилиги көбүнчө жаштардан көз каранды, жана бүгүнкү күндө Бирликтин мүчө мамлекеттеринин жаштар менен кандай иш алып барышы интеграциялык процесстин жүрүшүнө түздөн-түз таасир тийгизет жана бирикменин келечектеги көрүнүшүн калыптандырат.

Жаштар иштери боюнча федералдык агенттиктин жетекчисинин орун басары Андрей Платонов жаштар менен иштөөнүн Россияда ишке ашырылып жаткан форматтары: Бүткүл Россиялык форумдук кампаниянын иш-чаралары, анын ичинде "Евразия Global" Эл аралык жаштар форуму, Бүткүл Россиялык жаштардын ишкердигин колдоо программасы, креативдүү индустрияларды, ыктыярдуулукту колдоого багытталган долбоорлор жөнүндө айтып берди. "Бирликте биз жаштардын долбоорлору үчүн каалаган өнөктөштөрдү таба алабыз", – деди ал. Андрей Платоновдун айтуусу боюнча, ЕАЭБдин профилдик органдары Жаштар менен иштөө боюнча федералдык агенттиктин мыкты тажрыйбаларын өздөрүнүн өлкөлөрүндө активдүү колдонуп келишет.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ЕАЭБ Жаштар форумун түзүү жана жыл сайын өткөрүү жөнүндө демилгеси, ошондой эле Кыргыз Республикасында жаштар менен иштөө жөнүндө айтып берди. "Бүгүнкү күндө жана келечекте евразиялык интеграцияны колдоодо жаштар эң мобилдүү жана активдүү социалдык күч катары негизги ролду ойношот", – деп Союзбек Надырбеков баса белгиледи.

Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин КМШ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык департаментинин директору Юлия Нестерчук евразиялык интеграциянын жаштарга түздөн-түз таасир тийгизген маселелери боюнча чечимдерди талкуулоо процессине жаштарды активдүү тартууга чакырып өттү. "Евразиялык интеграция процесстери абдан динамикалуу. Жаштардын жаңы идеялары, стандарттуу эмес мамилелери биз үчүн абдан маанилүү. Бул контекстте жаштар бирикмелеринин, анын ичинде ЕЭКтин Жаштар кеңешинин катышуусун актуалдуу деп эсептейбиз". Анын айтымында, Стратегия-2025тин жаштарга түздөн-түз таасир тийгизген жаңы, социалдык-гуманитардык багыттарын (билим берүү, илим, туризм жана башкалар) ишке ашыруу маселелерин ЕЭКтин Жаштар кеңешинин аянтчасында талкуулоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга болот. Өз кезегинде, Данияр Турусбеков ЕЭКтин Жаштар кеңеши Комиссиянын кызматкерлеринин бирикмеси болуп саналарын баса белгиледи жана жаштарды ченемдик актылардын долбоорлорун талкуулоого жана макулдашууга активдүү тартуу үчүн Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн жаштарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өзүнчө аянтча керек деген пикирин билдирди. Мындай аянтчаны мүчө мамлекеттердин тийиштүү колдоосу астында түзүү мүмкүн.

Евразия өнүктүрүү банкынын башкы экономисти Евгений Винокуров евразиялык интеграцияны гуманитардык жактан өлчөө зарылчылыгы жөнүндө айтты. Анын айтуусу боюнча, ЕАЭБде чек ара аралык академиялык мобилдүүлүк тездик менен кыскарууда жана бул багытта кескин чаралар керек. Бул маселени чечүү үчүн Евгений Винокуров Евразия академиялык мобилдүүлүк программасын түзүүгө киришүүнү жана ага казак этнографы жана саякатчысы Шокан Валихановдун (1835-1865) ысымын берүүнү сунуш кылды.

ЕАЭБдеги азыркы ЖОЖдор аралык программалар студенттердин кеңири кызыгуусуна ээ болбой жаткандыгы жөнүндө тезисти Россиянын Тышкы иштер министрлигинин ММЭМИ (У) жаштар саясаты, социалдык иш жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Станислав Суровцев тастыктады жана мүчө мамлекеттерге Бирликтин өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайлары жана студенттик коомдоштуктары менен биргеликте жаңы, жаштар үчүн кызыктуу болгон форматтар жөнүндө ойлонууну сунуш кылды. Мындан сырткары, Станислав Суровцев Комиссиянын жана ММЭМИнин кызматташтыгынын 2022-2023-жылдарга карата программасынын максаттары жана иш-чаралары жөнүндө айтып берди. Анын алкагында мүчө мамлекеттердин алдыңкы жогорку окуу жайлары менен биргеликте "Юриспруденция" жана "Экономика" багыттары боюнча магистрдик программасын ишке ашыруу пландаштырылган. Анын айтуусу боюнча, бул багыттагы биргелешкен иш студенттердин жана жаш илимпоздордун ЕАЭБдин ишмердигине кеңири катышуусуна, ошондой эле жаштар арасында интеграция идеяларын жана баалуулуктарын илгерилетүүгө өбөлгө түзөт.

Талкуунун дагы бир темасы эл аралык жаштар коммуникациясы жана ЕАЭБдин тышкы өнөктөштөрү менен мамилелеринин өнүгүүсүндө жаштардын ролу маселелери болду. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Жаш дипломаттар кеңешинин төрагасынын орун басары Арег Агасарян билдирди жана дүйнөдө Бирликтин оң образын трансляциялоодо жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иштөөдө улуттук жана улуттан жогорку кызыкчылыктарды коргоодо жаш дипломаттардын ролун баса белгиледи.