Жаңылыктар

26.11.2024

Бирликтин оюнчуктарга карата техрегламентине өзгөртүүлөр күчүнө кирди

Ушул жылдын 26-ноябрында Евразия экономикалык бирлигинин "Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине (ББ ТР 008/2011) өзгөртүүлөр күчүнө кирди, алар Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 50 чечими менен кабыл алынган.

Өзгөртүүлөр менен техникалык регламентти колдонуу жааты такталат. Тактап айтканда, оюнчук болуп саналбаган өнүмдөрдүн түрлөрү так белгиленген. Бул, мисалы, сувенирдик продукция, компьютердик оюндар, өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн топтомдор жана башка бир катар товарлар.

Ошондой эле техникалык регламент аны колдонууда зарылдыгы келип чыккан түшүнүктөр менен толукталды. Алардын арасында "үйдө колдонуу үчүн батут (батут)", "активдүү эс алуу үчүн оюнчук", "оюнчуктун коммерциялык аталышы", "учуучу оюнчук", "шылдырак", "электромеханикалык оюнчук" жана башкалар бар.

Химиялык заттарды камтыган жана химиялык тажрыйбалар үчүн топтомдорго кирбеген химиялык оюнчуктарда жана оюн топтомдорунда химиялык заттардын же реактивдердин камтылышына талаптар белгиленген. Оюнчуктардын гигиеналык коопсуздугуна карата талаптар, коркунучтар жөнүндө эскертүүчү маалыматка болгон талаптар жана эң коркунучтуу оюнчуктарды коопсуз колдонуу үчүн көрүлгөн чаралар түзөтүлдү.

ЕЭК Коллегиясынын 2024-жылдын 6-августандагы № 91 чечими менен жаңы талаптарга этап-этабы менен өтүү каралган өзгөртүүлөрдү ишке киргизүү тартиби белгиленген.

Алсак, 2024-жылдын 26-ноябрына чейин берилген оюнчуктарга сертификаттар, алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болот.

Мында мындай сертификаттары бар оюнчуктарды өндүрүүгө жана ЕАЭБ рыногуна жүгүртүүгө чыгарууга алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин, ал эми ЕАЭБ рыногунда жүгүртүүгө оюнчуктардын иштөө мөөнөтүнүн же жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде жол берилет.