ЕЭКтин Ички рыноктордун иши боюнча департаменттин директорунун орун басары болуп Нарине Давтян дайындалды

Нарине Гарниковна Давтян эмгек жолун Армения Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясында баштаган, ал жерде 2006-2008-жылдары аспирантура бөлүмүн жетектеген.

2008-жылдын сентябрынан ноябрына чейин – Армения Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Диаспора комитетинин диаспора менен байланыш боюнча маданий программаларынын координатору болгон.

2008-2013-жылдары - Армения Республикасынын Диаспора министрлигинин аппаратынын биринчи бөлүмүнүн башчысы.

2013-2014-жылдары - VLHAQ жол курулуш компаниясынын директорунун укуктук маселелер боюнча орун басары.

2014-2024-жылдары Армения Республикасынын Конституциялык сотунда судьянын жардамчысы болуп иштеген.

2009-жылы Армения Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын юридикалык факультетинин магистратурасын аяктаган. 2013-жылы "Укукту ишке ашыруу көйгөйлөрү" темасы боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. 2014-жылдан тарта Ереван мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде жана Россия-Армян университетинин укук жана саясат институтунда окутуучу болуп эмгектенген.

Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

2024-жылдын 3-декабрынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рыноктордун иши департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалган.