2002–2011-жылдарда Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматында иштеп, ал жерде башкы адистен укуктук башкармалыктын башчысынын орун басарына чейинки жолду басып өткөн. Евразия экономикалык комиссиясында 2012-жылдын июнь айынан тарта иштеп келет. Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясат департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалганга чейин укуктук камсыздандыруу жана атаандаштык чөйрөсүндөгү методология бөлүмүнүн башчысынын кызматын ээлеп турган. Россия Федерациясынын мамлекеттик жарандык кызматынын 3-класстагы кеңешчиси. Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынын ардак грамоталары менен, "Евразия экономикалык бирлигин түзүүгө кошкон салымы үчүн" жана "Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалдары менен сыйланган.