Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн жана "Инженер-экономист" квалификациясы ыйгарылган. Экономика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасына ээ.
Эмгек ишмердигин 1980-жылы баштаган. КМШнын Экономика бирлигинин Мамлекеттер аралык экономикалык комитетинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында, Евразия экономикалык коомдоштугунун интеграциялык комитетинин Катчылыгында ар түрдүү кызматтарда иштеген.
2015–2020-жылдар аралыгында Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министринин жардамчысы болуп иштеген.
2021-жылдын 11-октябрынан тарта ЕЭКтин макроэкономикалык саясат департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.