Гулнур Толеугазыкызы Смагул 1981-жылы Караганда облусунда (Казахстан) төрөлгөн. Е.А. Букетов атындагы Караганда мамлекеттик университетин (билими боюнча адистиги – экономист) жана Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын Мамлекеттик саясат боюнча улуттук мектепти аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгүн 2002-жылы Карганда шаарындагы Казыбек би атындагы райондук салык комитетинде баштаган.
2004-жылдан 2005-жылга чейин Казакстан Республикасынын Каржы министрлигинде иштеген.
2005-2010-жылдары – Казакстан Республикасынын Индустрия жана соода министрлигинин соода саясатын өнүктүрүү жана ДСУга кирүү департаментинин сооданы жөнгө салуу башкармалыгынын башкы адиси, башчысы.
2010-жылдан 2019-жылга чейин Казакстан Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинде, Казакстан Республикасынын Экономика жана бюджеттик пландаштыруу министрлигинде, Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинде жетекчилик кызматтарды ээлеген.
2019-жылдан 2024-жылдын июлуна чейин - Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин тышкы соода иш-аракеттери департаментинин директорунун орун басары.
2024-жылдын 4-июлунан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.