2009-жылдан 2014-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде иштеген. Андан кийин беш жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде эмгектенип, анда Бажы саясаты жана тарифтик эмес жөнгө салуу башкармалыгын, андан кийин - Соода саясаты жана лицензиялоо башкармалыгын жетектеген. 2019-жылдан 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында ар кандай кызматтарда иштеп, анын ичинде стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмүн жетектеген. Ошондой эле 2019-2021-жылдары Банктарды жоюу агенттигинин Директорлор кеңешинин төрагасы болгон. ЕЭКке Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин кеңешчиси кызматынан келген.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин "Экономиканын отличниги" төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын "Бажы кызматташтыгын бекемдөө үчүн" медалы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын "Салык кызматташтыгын чыңдоо үчүн" медалы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын "Биримдик" медалы жана башка сыйлыктар менен сыйланган.
2022-жылдын 5-апрелинен тарта Евразия экономикалык комиссиясынын бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.