Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
21.08.2024

ЕЭКтин Бажы инфраструктурасы департаментинин директорунун орун басары болуп Сурен Мелик-Исраелян дайындалды

Сурен Самсонович Мелик-Исраелян 1971-жылы Ереванда туулган.

Ереван мамлекеттик университетин (экономика факультетин, эл аралык экономикалык мамилелер бөлүмүн) аяктаган. Экономика илимдеринин кандидаты.

2001-жылдан 2024-жылга чейин анын эмгек жолу Армения Республикасынын бажы кызматы менен байланышкан, ал жерде улук инспектордон эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысына чейинки жолду басып өткөн. 2021-жылдан 2024-жылга чейин Армения Республикасынын Европа бирлигине жана Дүйнөлүк бажы уюмуна караштуу бажы атташеси болгон.

2024-жылдын 16-августунан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы инфраструктурасы департаментинин директорунун орун басары кызматына дайындалды.