Константин Григорьевич Бегиджанов 1988-жылы 30-сентябрда Ереванда туулган.
2009-жылы Россия-Армян (Славян) мамлекеттик университетин "экономика" адистиги боюнча аяктаган.
2009-2011-жылдары аскер кызматын өтөгөн.
2018-жылы Армениянын Улуттук политехникалык университетинин магистратурасын "экономика" адистиги боюнча аяктаган.
2024-жылы Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россиялык эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясында "Бизнести башкаруу боюнча мастер (МВА)" квалификациялык даражасын ыйгаруу менен "Өзгөрүүлөрдү башкаруу жана бизнести өнүктүрүү" программасы боюнча окуудан өткөн.
2008-2020-жылдары Армениянын жана Россиянын коммерциялык ишканаларында ар кандай кызматтарда иштеген. Атап айтканда, 2011-жылдан 2017-жылга чейин Армениядагы россиялык "Прогрестех" ЖЧКнын туунду ишканасын – авиациялык жана автомобилдик техниканын бекемдигин жана конструктордук оптимизациясын талдоого адистешкен инжиниринг борборун жетектеген, россиялык Бириккен авиация корпорациясынын долбоорлоруна катышуу менен.
2017-жылдан 2020-жылга чейин мобилдик түзмөктөрдө окулган динамикалык маалыматтарды иштеп чыгуу жана талдоо боюнча адистешкен "Миннова.АМ" технологиялык компаниясынын тең негиздөөчүсү жана башкы директору болгон.
2020-жылдын мартынан 2021-жылдын мартына чейин Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсүнүн (министринин) жардамчысы болуп иштеген.
2021-жылдын мартынан 2025-жылдын мартына чейин ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары кызматын ээлеген.
Комиссиянын Ардак грамотасы жана "Интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн" төш белгиси менен сыйланган.
2025-жылдын 10-мартынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Соода саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.