Рубен Ваникович Акопян 1976-жылы Армения Республикасынын Мартунин районундагы Цаккар айылында туулган.
1997-жылы Ереван мамлекеттик университетин, 2011 -жылы Архангельск башкаруу институтун жана 2017-жылы Россия Федерациясындагы Волгоград техникалык университетин аяктаган.
Эмгек жолун 1997-жылы элге билим берүү тармагында баштаган. Андан кийин, 2003-жылдан 2024-жылдын декабрына чейин, негизинен Армениянын жана Россиянын бизнес-түзүмдөрүндө, курулуш жана транспорт чөйрөлөрүндө жетекчи кызматтарды ээлеген.
2024-жылдын 10-декабрынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын
Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары болуп
дайындалды.