Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
17.02.2021

Ирэн Мелконян ЕЭКтин иштерин башкаруу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Ирэн Робертовна Мелконян 1996-жылы Ереван мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетин жана 1999-жылы Жер ортолук деңиз агрономиялык институтунун экономика жана башкаруу факультетин аяктаган.

Экономика жана менеджмент илиминин магистри даражасына ээ. Англис тилинде эркин сүйлөйт.

1997-жылдан 2019-жылга чейин Армения Республикасынын Айыл чарба министрлигинин аппаратында ар кандай кызматтарда иштеген. Ал кенже адистен тышкы байланыштар башкармалыгынын эл аралык уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысына чейинки жолду басып өткөн.

2019-2021-жылдары - Армения Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын башчысынын орун басары.

2021-жылдын 15-февралынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын иштерин департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.