Жаңылыктар

15.01.2021

ЕЭКтин ички рынокту коргоо департаментинин директорунун орун басары болуп Динара Тлегенова дайындалды

Динара Сериковна Тлегенова 1988-жылдын 28-мартында Казакстан Республикасынын Акмола областында төрөлгөн. 2009-жылы Башкаруу институтун бүтүрүп, "менеджмент бакалавры" адистигин алган.

2009–2010-жылдарда Казакстан Республикасынын Индустрия жана соода министрлигинде, андан кийин – Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеген.

2010-жылдан 2019-жылга чейин Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин тышкы соода ишмердигин жөнгө салуу департаментинин Коргоо чараларын колдонуу башкармалыгынын экспертинен анын жетекчисине чейинки жолду басып өткөн.

 2019–2020-жылдарда Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин тышкы соода ишмердиги департаментинин Коргоо чаралары башкармалыгынын жетекчиси.

 2021-жылдын 11-январынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын ички рынокту коргоо департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.