Жаңылыктар

27.03.2024

ЕЭКтин Укук департаментинин директорунун орун басары болуп Вараздат Пахлавуни дайындалды

Вараздат Пахлавуни 1976-жылы Ереван шаарында (Армения) төрөлгөн. 1998-жылы Ереван мамлекеттик университетин (эл аралык мамилелер магистри), 2003-жылы Армения Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын аспирантурасын (эл аралык укук) аяктаган.

1998-2000-жылдары Армения Республикасынын Коргоо министрлигинин Эл аралык мамилелер департаментинде эл аралык келишимдер бөлүмүндө иштеген.

2000-2001-жылдары – Армениянын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ТРАСЕКА Улуттук катчылыгынын укуктук маселелер боюнча эксперти.

2001-жылдан 2022-жылга чейинки мезгил аралыгында Армения Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеген.

2024-жылдын мартында Евразия экономикалык комиссиясынын Укук департаментинин директорунун орун басары кызматына дайындалды.