Евразия экономикалык бирлигинде органикалык продукциянын жалпы рыногун түзүүгө тиешелүү бир катар маселелер каралды. Башка маселелер менен катар органикалык өндүрүштүн шайкештик сертификаттарын өз ара таануу жана үчүнчү өлкөлөрдөн органикалык продукцияны ЕАЭБге алып келүүнү жөнгө салуу боюнча жалпы ыкмалар туурасында сөз болду.
"Бүгүнкү күндө Бирлик өлкөлөрү Комиссия менен биргеликте бир катар компромисстерге жетише алышты, бул ЕАЭБде органикалык продукцияны жүгүртүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун жеткире иштеп чыгууну тездетүүгө жана ушул жылы биздин өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын тапшырмасын аткарууга мүмкүндүк берет. Бул документтин кабыл алынышы Бирликте органикалык продукциянын эркин жүгүртүлүшүн камсыздайт, ошондой эле агроөнөр жай өндүрүшүнүн кыйла келечектүү жана жогорку маржиналдык секторлорунун биринде өндүрүүчүлөрдүн кооперациясы үчүн шарттарды түзөт», - деп баса белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян.
Тараптар ошондой эле генетикалык-инженердик материалды камтыган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн ташып келүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуунун концептуалдык маселелерин карап чыгышты, бул Бирликтин рынокторунда жүгүртүүдө жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттоодо АӨК продукциясынын коопсуздугунун тиешелүү деңгээлин камсыздоо үчүн керек.
2017-жылдын 7-ноябрындагы ЕАЭБ алкагында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн жүгүртүү жөнүндө макулдашууга тиешелүү өзгөртүүлөрдү даярдоо эксперттик деңгээлде улантылмакчы.
Иш-чарага Армения Республикасынын экономика министринин орун басары Арман Ходжоян, Беларусь Республикасынын айыл чарба жана азык-түлүк министринин орун басары Владимир Гракун, Казакстан Республикасынын Техникалык жөнгө салуу жана метрология комитетинин төрагасынын орун басары Куаныш Еликбаев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев, Россия Федерациясынын айыл чарба министринин орун басары Максим Увайдов, Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын жетекчисинин орун басары Юлия Швабаускене жана Россиялык сапат системасынын жетекчиси Максим Протасов катышышты.