Жаңылыктар

31.01.2024

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму 2-февралда Алматыда болуп өтөт

2-февралда Алматыда (Казакстан Республикасы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕЭАК) отуруму көздөшүү форматында болуп өтөт.

Отурумга Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары – Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү - Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышат.

Отурумдун күн тартибинде ЕАЭБ интеграцияланган маалыматтык тутумунун учурдагы абалын жана өнүгүү перспективаларын, ЕАЭБде электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар планын, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн темир жолдорунун интеграциялык өз ара аракеттенүүсүн талкуулоо пландаштырылган.

Мындан тышкары, Евразия өкмөттөр аралык кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү макроэкономикалык кырдаалды жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштарды карайт.

ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктөрүн тездетилген темир жолдук жана мультимодалдык ташууларды жүзөгө ашыруу боюнча "Евразиялык агроэкспресс" биргелешкен долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорунун тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү пландаштырылууда.

Эске салсак, Армения 2024-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин органдарында төрагалыкты кабыл алды жана 2024-жылдын ичинде Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде төрагалык кылат.