Жаңылыктар

07.10.2022 (Обновлено: 01.11.2022 12:13)

Аманатчылардын укуктарын коргоо - ЕАЭБдин жалпы каржылык рыногун түзүүнүн артыкчылыктарынын бири

Бул туурасында ЕЭКтин Каржы саясаты департаментинин директору Аркадий Хачатрян 6-7-октябрда Ереванда болуп өткөн, ЕАЭБдин аймагында банк аманаттарын камсыздандыруу, кредиттик уюмдарды жоюу, каржылык жактан чыңдоо жана банкроттоо чөйрөсүндөгү эксперттик топтун отурумунда билдирди.

ЕЭК департаментинин директорунун айтымында, эксперттик топтун ишинин жүрүшүндө олуттуу көлөмдөгү иштер жасалды жана аманаттарды камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча бир катар маселелер боюнча макулдашууга жетишилди. "Өткөн айдын башында Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук банктарынын дарегине ушул топ тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген 15 эксперттик корутундуну жөнөткөн", – деп белгиледи Аркадий Хачатрян.

ЕЭК департаментинин директору ЕАЭБтин жалпы каржылык рыногун түзүү үчүн өткөн жылы ЕАЭБдин алкагында кредиттик таржымалдардын курамына кирген маалыматтарды алмашуу тартиби жөнүндө макулдашуу түзүлгөндүгүн эске салды. Документти азыркы учурда эксперттер ишке ашырып жатышат.

"Өткөн жумада Бирликтин өлкөлөрүнүн дарегине мамлекеттик ички макулдашууга ЕАЭБ өлкөлөрүндө уюштурулган тооруктарга баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө трансчек аралык жол берүү жөнүндө макулдашуунун долбоору жөнөтүлдү, - деп баса белгиледи ал. - Жакынкы келечекте жалпы каржылык рынокту түзүү максатында шайкеш келтирилген конкреттүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү олуттуу натыйжаларга жетишебиз деп күтүп жатабыз".

Маалымат

Евразия экономикалык комиссиясынын каржы рыноктору боюнча консультативдик комитетинин алдындагы ЕАЭБ аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү), кредиттик уюмдарды жоюу, каржылык жактан чыңдоо жана банкроттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелери боюнча эксперттик топ каржы рыноктору боюнча консультативдик комитеттин 2019-жылдын 2-октябрындагы чечими менен түзүлгөн.

Эксперттик топтун ишинин негизги максаттары: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарын жана бул тармактардагы мыкты эл аралык тажрыйбаларды талдоо, ошондой эле улуттук жөнгө салуучулардын кароосу үчүн мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча сунуштарды даярдоо.