Евразия экономикалык комиссиясы, Казакстан Республикасынын Юстиция министрлиги жана "Антиконтрафакт" эл аралык ассоциациясы 5-6-декабрда Астанада "Антиконтрафакт" XII Эл аралык форумун өткөрөт.
Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоонун жана сактоонун актуалдуу маселелерине арналган Форум негизги чакырыктарды талкуулоо жана контрафактылык продукцияларды жайылтууга каршы күрөшүүдө натыйжалуу чечимдерди издөө үчүн аянтча болот.
2019-2023-жылдары Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө 46 миңден ашык укук бузуулар аныкталган жана 60 миллиондон ашык контрафакттык товарлар алынган.
ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султановдун сөзү боюнча, "укук коргоо" инструменттеринин ЕАЭБ өлкөлөрүндө тышкы соода ишмердигин жана мыйзамдуу өндүрүштү өнүктүрүүнүн экономикалык өбөлгөлөрү менен айкалышы рыноктон контрафакттык жана жасалма продукцияны сүрүп чыгарууга багытталган.
"Антиконтрафакт" форумунун алкагында, көрсөтүлгөн маселелерди кесипкөй талкуулоо болот деп ишенем, бул, албетте, Евразия экономикалык бирлигинин рыногунда контрафактылык продукцияларды жүгүртүүгө каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт", – деп белгиледи ЕЭК министри.
Форумдун программасы интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперттердин катышуусу менен пленардык отурумду, укуктук жөнгө салууга, бажы контролуна, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого, электрондук сооданы өнүктүрүүгө, ошондой эле интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө IT-технологияларды колдонууга арналган 10 дискуссиялык сессияны камтыйт.
Иш-чарага министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, укук ээлери, товар өндүрүүчүлөр, керектөөчүлөр ассоциациялары, эксперттер, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кесипкөй коомдоштуктарынын жана ЖМКларынын өкүлдөрү катышышат.
Бул жылы форум дипломатиялык корпустун өкүлдөрүн жана Индия, Иран, Кытай, Тунис, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген компанияларды чакыруу менен географиялык камтуусун кеңейтүүдө.