Жаңылыктар

26.08.2022 (Обновлено: 01.09.2022 15:24)

Евразия кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун үстүнөн иш аяктады

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчылары Евразия мейкиндигинде аналогу жок эл аралык каржы уюмун – Евразия кайра камсыздандыруу компаниясын (ЕКК) түзүү жөнүндө макулдашуунун үстүнөн иштин аякташы жөнүндө билдиришти.

ЕКК өз ара жана тышкы сооданы демилгелөөгө, ошондой эле бүткүл ЕАЭБ мейкиндигинде камсыздандыруу сыйымдуулугун жогорулатуунун жана тобокелдиктерди кесиптик башкаруунун эсебинен биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Компания камсыздандыруу боюнча улуттук агенттердин функционалын улуттан жогорку деңгээлде толуктап, экспорттук кредиттерди жана инвестицияларды Бирликтин мамлекеттериндеги жана үчүнчү өлкөлөрдөгү ишкердик жана саясий тобокелдиктерден кайра камсыздандырат.

ЕККнын уставдык капиталы мүчө мамлекеттердин төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлүп, 15 млрд орус рублин түзмөкчү. ЕККнын потенциалдуу камсыздандыруу сыйымдуулугу (мүмкүн болгон кеңейтүүнү эске албаганда) – 2 млрд АКШ долларына чейин.

Эксперттик эсептөөлөргө ылайык, Евразия кайра камсыздандыруу компаниясынын кошумча камсыздандыруу сыйымдуулугунун пайда болушу ЕАЭБдин алкагында өз ара сооданын көлөмүнүн 6 млрд доллардан ашык суммага көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн.

ЕККтин 2023-жылда иштеп башташы жана ЕАЭБге кирбеген башка мамлекеттердин жана эл аралык каржы уюмдарынын кирүүсү үчүн ачык болушу пландаштырылууда.