ЕАЭБдин жана Египеттин ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн бешинчи раунду ушул жылдын ноябрь айында өткөрүлмөкчү
24.06.2021

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Евразия экономикалык бирлигинин жана Египет Араб Республикасынын ортосунда эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн 21-23-июнда Москвада болуп өткөн төртүнчү раундунун ийгиликтүү өткөрүлгөндүгүн белгилешти. Андрей Слепнёв жана Невин Гамеа командалар сүйлөшүүлөрдө олуттуу прогресске жетише алышкандыгын баса белгилешти.
Министрлер сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундун ушул жылдын ноябрь айында Египетте өткөрүү жөнүндө келишишти. Ага чейин сүйлөшүүлөр боюнча командалар интенсивдүү өз ара аракеттенүүнү улантышмакчы.
Ошондой эле, жолугушуунун алкагында тараптар эл аралык соода күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты.