Амангельдиев Данияр

Амангельдиев Данияр

1982-жылдын 30-мартында Чүй районунун Чүй айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2003-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн. Төмөнкүдөй программалар боюнча кошумча билими бар: АӨБ "Долбоорлордун экономикалык талдоо", ТАСИС "Макроэкономикалык саясат", ДБ "PEMPAL "Фискалдык-бюджеттик саясат" долбоорлору боюнча каржылык менеджмент жана төлөмдөр", "Эмгек акы төлөө фондун башкаруу", "Мамлекеттик башкаруу тутумундагы ички аудит жана контролдоо"; JICA "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун пландаштыруу".

Эмгек ишмердиги:

2003-2004-жж. — Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин инвестициялык саясат департаментинин Мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорун пландоо жана баалоо бөлүмүнүн стажеру;

2004-2006-жж. — Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин эл аралык каржылык уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

2006-2007-жж. — Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси, башчынын орун басары;

2007-ж. — Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар программасы башкармалыгынын мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорун пландоо жана баалоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

2007-ж. — Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин жардамчысы;

2007-2010-жж. — Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Соода өкүлчүлүгүнүн башкы адиси;

2010-2012-жж. — Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Соода өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу;

2012-2013-жж. — Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын өз алдынча капиталдык салымдар бөлүмүнүн башчысы; жергиликтүү бюджеттер бөлүмүнүн башчысы;

2013-ж. — КР Каржы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын башчысы. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин коллегиясынын мүчөсү;

2018-2020-жж. — Токмок шаарынын мэри;

2021-жылдын 17-августунан тарта — Кыргыз Республикасынын экономика жана каржы министринин орун басары;

2021-жылдын 13-октябрынан тарта — Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

2024-жылдын 18-декабрынан тарта — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары.