1. Евразия экономикалык биримдигине мүчө  мамлекеттерде эмгекчилердин билими тууралуу документтери  ишке орношууда жарактуу болобу

Ишке орношуу максатында мүчө мамлекеттердин билим берүү уюмдары тарабынан эмгекчилерге берилген билими тууралуу документтер ишке орношуучу мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген билими тууралуу документтерди таануу жөнүндө жол жоболорду жүргүзүүсүз таанылат.

Бир мүчө мамлекеттин экинчи мүчө мамлекетте педагогикалык, юридикалык, медициналык же фармацевтикалык ишти жүзөгө ашырууга талапкер кызматкери ишке орношуучу мамлекеттин билими тууралуу документтерди таануу тууралуу жол жобосунан өтүшөт.

Мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген  илимий даражасы жана илимий наамдары тууралуу документтер ишке орношкон мамлекеттин мыйзамдарына ылайык таанылат. 

2. Эмгекчилердин кирешесинен салык кантип алынат

Эмгекчилердин ишинен кирешелерине салык  эмгек келишими боюнча биринчи иш күнүнөн тартып, иштеп жаткан өлкөнүн жарандарынын кирешелерине кандай салык салынса, ошондой ченде эле салынат

3. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде эмгектенип жаткан адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрү иш сунуштаган мамлекеттин аймагында жашоо үчүн укук ала алабы?

В

Бул мамлекеттерде эмгектенип жаткан адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрү иш сунуштаган мамлекеттин аймагында жашоого укуктуу.

Үй-бүлө мүчөлөрү катары аны менен никеде турган адам, ошондой эле ишке орноштуруу боюнча мамлекеттин мыйзамына ылайык үй-бүлө мүчөлөрү катары таанылган башка адамдар жана анын карамагында турган балдар саналат.

Эмгектенип жаткан үй-бүлө мүчөлөрүнүн убактылуу жашоо мөөнөтү эмгекчилер тарабынан түзүлгөн эмгек же жарандык-укуктук келишимдин аракеттенүү мөөнөтү менен аныкталат. 

4. Эмгекчилер жана анын үй- бүлө мүчөлөрү ишке орношкон мамлекетте кандай социалдык жана медициналык камсыздандыруу укуктарына ээ болушат?

Эмгекчилердин жана үй бүлө мүчөлөрүнүн эмгекке жарамсыздыгы жана эне болуусуна байланыштуу убактылуу ишке жөндөмсүздүгү учурунда, өндүрүштө кырсыкка дуушар болушунда жана кесибинен улам ооруга чалдыгышында милдетүү камсыздандырууга жана милдетүү медициналык камсыздандырууга укугу ишке орношкон өлкөнүн жарандары үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

Мүчө мамлекеттердин эмгекчилерине жана алардын үй бүлө мүчөлөрүнө акысыз ыкчам медициналык жардам алуу укугу (экстрендик жана кечиктирилгис формада) ишке орношкон өлкөнүн жарандары үчүн каралган тартипте сунушталат.

Эмгекчилерге жана алардын үй бүлө мүчөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүү ишке орношкон мамлекеттин мыйзамдарында жана эл аралык келишимдерде аныкталган тартипте жана шарттарда камсыз кылынат.

Медициналык тез жардам (экстрендик жана кечиктирилгис формада) мүчө мамлекеттердин эмгекчилерине жана алардын үй бүлө мүчөлөрүнө ишке орношкон өлкөнүн  мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо системасынын медициналык уюмдары тарабынан (саламаттыкты сактоо мекемелери) медициналык камсыздандыруу полисинин бар же жок экендигине көз карандысыз, акысыз сунушталат.


5. Засчитывается ли трудовой (страховой) стаж трудящегося, приобретенный на территориях государств-членов Евразийского экономического союза, в общий трудовой (страховой) стаж?

Да. Трудовой страховой) стаж трудящихся государств-членов засчитывается в общий трудовой (страховой) стаж для целей социального обеспечения (социального страхования), кроме пенсионного, в соответствии с законодательством государства трудоустройства.

Пенсионное обеспечение трудящихся государств-членов и членов семьи регулируется законодательством государства постоянного проживания, а также в соответствии с отдельным международным договором между государствами-членами.

В настоящее время Евразийская экономическая комиссия совместно со Сторонами разрабатывает международный договор о пенсионном обеспечении трудящихся Евразийского экономического союза.

Основная цель разработки договора – обеспечение равных прав и гарантий в сфере пенсионного обеспечения, защита пенсионных прав трудящихся государств-членов и членов их семей на всей территории Евразийского экономического союза.